«ЖАҢЫЛЫКТЫН ЖАРЧЫСЫ” ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМУ — ЖАҢЫ ДООРДУН, ЖАҢЫ МУУНДУН МЕКТЕБИ!
- 20.06.2025
- 0
Токтогул району Кызыл-Ураан айылы №32 Бекназар атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы, физика мугалими Турусбаева Елиза Осмоналиевна
15-16-июнь күндөрү Ысык-Көлдө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган республикалык “Жаңылыктын жарчысы” педагогикалык форумуна катышып келдим.
Бул форум — билим берүү системасындагы жаңыланууну колдогон, мугалимдердин кесипкөйлүгүн арттырган жана жалпы педагогикалык коомчулукту шыктандыруучу маанилүү аянтча болду.
Форумдун 1-күнү агартуу министри Догдуркүл Шаршеевна Кендирбаева өзү форумду ачып берип, мектеп билим берүүсүндөгү стратегиялык жаңылануу, 12 жылдык билимге өтүүнүн негизги багыттары, мектеп реформасында окуунун мазмунун жетектеген негизги күч — окуу бөлүмүнүн башчылары экенин өзгөчө белгилеп өттү.
Форумдун жүрүшүндө:
Ар бир предметтик стандарт боюнча так жана терең маалымат берилди;
Жаңы окуу программалары менен иштөөдө баалуулуктарга негизделген ыкмалар сунушталды;
Өзгөчө кубандырганы — улуттук нарк-насил, тарбия берүү маселелери жаңыланган программаларда өз ордун тапканы жана Манас атабыздын осуяттарынын предметтерге интеграцияланышы болду. Бул – билим берүүнүн мазмунун улуттук иденттүүлүк менен айкалыштыруу жолунда чоң кадам!
Ошондой эле, санариптештирүү, электрондук күндөлүккө каттоо, Э-күндөлүк платформасы жана баалоо системасы боюнча дагы жаңыланган маалыматтар катышуучулар менен бөлүшүлдү.
Эки күн бою 12 жылдык билим берүү системасы, жаңы окуу мазмуну, стандарттары жана практикалык колдонуу жолдору терең талкууланды.
Жыйынтыгында:
-Ар бир мугалимдин жаңыланууга;
-Өз тажрыйбасында жаңы программаны колдоно билүүсү;
-Балдардын келечегине салым кошуу боюнча жоопкерчилик ар бирибиздин максатыбыз экендиги талашсыз.
Бүгүнкү мугалим — эртеңки келечекти калыптандыруучу күч! Биз билим берүүдөгү жаңыланууга даяр болуп, «Алтын Казык» программасын жашоого ишеним менен киргизүүгө бел байладык!
Форум жогорку деңгээлде уюштурулуп, иш жүзүндөгү пайдалуу тажрыйба, шыктануу жана жаңы идеялар менен кайттым. Бул тажрыйбалар мектептеги кесиптештер менен бөлүшүлүп, ишке ашырылат деп ишенем.
Комментарийлер