ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДАГЫ ОКУУ ЖАЙ

  • 03.10.2025
  • 0

Кара-Балта шаарындагы №102 кесиптик лицейи жаңы жетекчи келгенден бери бир топ жаңылануу үстүндө. Буга чейин каралбай калган окуу жайдын ичи-тышы оңдолуп,  окуучулары бир топ ийгиликтери менен кубандырууда.

ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДАГЫ ОКУУ ЖАЙ

Алты корпустан турган окуу жайда бир топ оңдоп-түзөө иштери орун алды. Алсак, имараттын биринчи жана экинчи кабатындагы, ашканадагы жылуулук системасы оңдолуп, спорт залы жаңыртылды, окуу кабинеттерге керектелүүчү жабдыктар орнотулду. Директордун айтымында, мындай чыгымдар тендерсиз, тааныш-билиштердин демөөрчүлүгү менен жүргүзүлдү. Ошондой эле “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында окуу жайдын айланасында миң бак-дарак, жүз түп алма багы отургузулду.

  • Мен жаңы келгенде мекеме аябай эле начар акыбалда болчу, бардык жагы ураган, эч ким окубагандай жагдайда эле. Көп жерлерде терезе жок болчу, клееңка менен капталган, Дүйшөндүн мектебин эске салчу. Лицейдин акыбалын айтып берсем, кол сунчу адамдар көп болду. Болгону 300 миң сомго керектелүүчү материалдарды гана сатып алып, жылуулук киргиздик. Окуучуларды окууга кызыктырыш үчүн атайын этно класс уюштурдук, андагы  боз үйдү жасоого балдардын да колу тийди, алар ширетүү иштерине жардам беришти. Баарыбыз жапа-тырмак иштөөдөбүз,  — дейт лицейдин директору Жайыл Шамыров.

ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДАГЫ ОКУУ ЖАЙ

Окуучулардын 80пайызы аз камсыз болгондор

Лицейде айыл чарба, тигүү, ширетүүчү, үтүкчү жана башка учурдун талабына ылайык кесиптер окутулат. Окуучуларынын 80 пайызын аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, ата-энеси жок балдар түзгөндүктөн,   окуу жайдын директору учурдагы актуалдуу кесиптерсе басым жасап, окутууга аракет кылат. Маселен, эмгек биржасындагы суроо-талабы жогорку  адистиктерге анализ жүргүзүп, ошого жараша жаңы багыттарды ачып турат. Муну менен балдарга батыраак билим берип, алар өз алдынча бутка туруп кетишин каалайт. Учурда автоэлектрикке суроо-талап бар экенин билип, эми ушул багытта иштеп жатканын айтат.  Ошондой эле буга чейин окуучулардын сабакка катышуусу начар болгонун да кошумчалады.

  • Мен бул лицейге жаңы келгенде окуучулардын дээрлик көбү сабакка келишчү эмес. Ошондо мурдагы кесибинде калыптанып калган адатым боюнча балдарды үймө-үй кыдырып, чогултуп келчүмүн. Балдарды окууга кызыктыруу үчүн лицейдин абалын оңдоп эле тим болбостон, кошумча ийримдерди ачып, эс алуучу жайларды жасап, атмосфера түзүп жатам. Мунун аркасында  бүгүнкү күнү окуучулар сабакка кызыгып калышты. Лицей оңолгондон бери сабактан кийин кетпей,сүйлөшүп отурганды адатка айлантууда. Атүгүл, быйылкы кабыл алууда план толуп калып, азыркыга чейин окууга кабыл алууну сурангандар бар. Буга чейин бул лицейдин балдарын “кичинекей хулигандар” деген каймана ат менен таанышчу экен. Бирок мен ошол лакап атты жок кылам. Буйруса, акырындык менен жакшы жагыбыздан тааный башташты, — деди директор.

Окуу жайдын 53балага ылайыкталган жатаканасы бар, анда учурда 18бала жашайт. Бир маал түшкү тамак берилет, калган учурда окуучулар өздөрү тамак жасоо үчүн ашканасы бар. Лицейге тиешелүү жер тилкеге помидор, бадыраң, ашкабак сыяктуу жашылча-жемиштер өстүрүлүүдө.

Жайыл Шамыровдун айтымында,  көп жыл бою ички иштер органында иштесе дагы билим берүү тармагын алып кетүү ага жеңил болду. Себеби милициянын мектебинде педогогика, психологияга окутканы үчүн балдар менен бат тил табышат. Мугалимдер менен башкаруучу жана актаруучудай эмес, кадимки достордой баарлашууну жактырат.

ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДАГЫ ОКУУ ЖАЙ

Кызматташтыкты арттырууда

Окуу жай былтыртан бери “Тазалык” ишканасы менен кызматташып, практикага барган он баланын үчөө жумушка кабыл алынды. Быйыл да ишкана ширетүүчүлөрдү практикага чакырууда. Ошондой эле окуу жайдын бир корпусуна тигүү цехин ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.  Директордун айтымында, тигүү цехи дуалдык билим берүүнү ишке ашырууга, бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылууга жардам берет. Мындан сырткары, ширетүү, фермерлерге пайдалуу келишимдерди түзүүдө. Анын негизинде бүтүрүүчүлөр үчүн жумуш орду түзүлөт.

  • Окууну аяктагандан кийин жумуш табылабы же жокпу деген суроо балада болбошу керек. Директор катары биринчи ушул нерсени камсыздашым керек. Ал бала окудубу, демек, жумушка орнотуу менин биринчи вазыйпам деп билем. Үч бала болсо дагы иш менен камсыз болуусу — менин чоң жеңишим. Буга чейин ашпозчулукта окуп жаткан окуучулар да Ысык-Көлгө практикага барышчу экен. Бирок ал келишимден балдардын коопсуздугу үчүн быйыл баш тарттым. Азыр ашпозчулар жаныбыздагы эле кафе, ресторандарга кечки 8-9га чейин гана иштешет. Аларды мастерибиз тосуп алып, үйүнө же жатаканаларына жөнөтүп коёт,Эми Бишкектеги тамактануучу жайлар менен да келишим түзүүнү пландоодомун,  -деп билдирди.

ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДАГЫ ОКУУ ЖАЙ

Билим берүүгө салым кошуу-башкы максатым

Жайыл Шамыров билими боюнча юрист, 34 жыл милиция кызматында эмгектенип, полковник даражасына чейин жетип, бир нече наамдарды алган.  2023-жылы Аскарбек Бакеевдин сунушу менен №102 лицейдин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп келген.  Бир жылдан бери директордун милдетин аткаруучу. Айтымында, өмүр бою эл кызматында жүргөндүктөн, бир жылдан бери лицейди жакшыртуу аракетин көрдүүдө.

Лицейдеги ар бир буюмду сарамжалдуу колдонуп, үйдөн окуу жайга алып келгени болбосо, жумуштан үйгө эчнерсе алып кетпейт.  Буга чейин башкалардын карамагына өтүп кеткен окуу жайда тиешелүү жер тилкелерин да кайтарып алууда. Лицейдин өсүп-өнүгүүсү үчүн болгон күч-аракетимди жумшайм деген Жайыл Шамыровдун педагогикалык стажы жетпей, директорлук сынактан өтпөй келет.

  • Мен кыйын жумуштан качпайм, колумдан келгендерди кылып жатам. Көп кыйынчылыктар болду, менин үстүмдөн арыз жазгандар да болду. Учөөнү жеңдим. Бул лицейдин келечеги аябай кең. Мамлекеттен эч нерсе сурабай эле жерин иштетсе, ийгиликтүү көзүм жетет. Директорлукка сынакка тапшыргам, педагогикалык стажыңыз жетпейт деген себеп менен өткөрбөй коюшат.  Бирок мен 17жыл жетекчи болуп иштеп, аны менен катар сабак өтчүмүн.

Бир жылдан бери лицейде бир топ жакшы жаңылыктар болду, дагы канча иштейм, билбейм. Башкысы өзүмдөн кийин жакшы нерселерди калтырып кетсем дейм. Менин креслого отурам деген деле тилегим жок, эмгек акым 14миң сом. Болгону бул лицейге чын дилимден күйөм. Колумдан келип турганда оңдоп салсам деген максатым бар. Балдарым, неберелерим “атаң ушул ишти жасап кеткен” деген мактоо сөздөрүн угуп сыймактануусу үчүн өзүмдүн абийирим үчүн,авторитет үчүн иштеп жатам,  -деп сөзүн жыйынтыктады Ж.Шамыров.

Айгерим Токтобаева, “Кут БИЛИМ”  

 

Бөлүшүү

Комментарийлер