ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДА: ИНСТИТУТТУН МАТЕРИАЛДЫК БАЗАСЫ
- 19.06.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту өз кызматкерлерине эмгектенүүгө зарыл шарттарды түзүүдө.

2025–2026-окуу жылында институтка түшкөн каражаттардын эсебинен 3 477 236 сомдук кеңсе эмеректери жана 408 400 сомдук оргтехника менен тиричилик техникалары сатып алынды.





Белгилей кетүүчү жагдай, кеңсе эмеректери «Свердлов райондук майыптар» коомдук уюму менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатып алынууда. Бул өз кезегинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды иш менен камсыз кылууга өбөлгө түзүп, алардын социалдык абалын жакшыртууга көмөк көрсөтөт.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер