ЖАҢЫЛАНГАН БАЛА БАКЧА

  • 26.09.2023
  • 0

Бишкек шаарындагы №31 бала бакча капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди.

Жалпы аянты 3120 чарчы метрди түзгөн 115 орундуу бала бакчанын башкы корпусу 1952-жылы курулган. Башкы корпусу, көмөкчү имараты, чарба, ашкана блокторунан турган бул бала бакчанын имараты жараксыз абалга келип, 2019-жылы жабылып калган эле.

Бардык экспертизалык иштер жүргүзүлгөндөн кийинки жаңылоо иштери былтыркы жылдын аягында башталып, эми мына ушундай заманбап жасалгаланып, кайрадан балдарды кабыл ала баштады.

Бөлүшүү

Комментарийлер