ЖАҢЫ ЖЫЛДАН ТАРТА МАЙЫПТЫГЫ БАР БАЛДАРДЫН ЖӨЛӨК ПУЛУ КӨБӨЙӨТ

  • 19.11.2026

Кыргызстанда майыптыгы бар балдарга төлөнүүчү ай сайынкы жөлөк пулдун өлчөмү 2027-жылдын 1-январынан тарта 8 миң сомдон 11 миң сомго чейин көбөйөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

ЖАҢЫ ЖЫЛДАН ТАРТА МАЙЫПТЫГЫ БАР БАЛДАРДЫН ЖӨЛӨК ПУЛУ КӨБӨЙӨТ

Анын айтымында, жөлөк пулду көбөйтүү мамлекеттин социалдык саясатынын алкагында Президенттин жарлыгы менен каралган. Ошондой эле 2027-жылдан тарта бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган көп балалуу энелерге бир жолку «Бала Береке» жөлөк пулу төлөнө баштайт.

Мындан тышкары, 2027-жылдын 1-январынан тарта жетим балдардын жөлөк пулу 6 миң сомдон 8 миң сомго, багуучусунан ажыраган балдарга берилүүчү төлөм 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйөт.

«Баатыр эне» наамы бар энелердин жөлөк пулу 3 миң сомдон 5 миң сомго, ал эми пенсиясына кошумча төлөнүүчү каражат 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин жогорулатылат.

Белгилей кетсек, 2027-жылдын бюджетинде калкты социалдык жактан коргоого 47,3 млрд сом каралган.

Учурда Жогорку Кеңештин жыйынында 2025-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет, 2026-жылкы бюджетке өзгөртүүлөр жана 2027-жылга карата бюджеттин долбоору, ошондой эле 2028–2029-жылдарга пландалган бюджет каралууда.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү