«ЖАҢЫ ӨЗБЕКСТАН: ШАВКАТ МИРЗИЁЕВДИН ЖОЛУ» — БООРДОШ ЭЛДЕРДИН ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ

  • 22.07.2026
  • 0

21-июлда Улуттук китепканада «Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу» аттуу китептин кыргыз тилиндеги басылышынын бет ачар аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев катышып, Мамлекет башчысынын атынан катышуучуларды куттуктады.  «ЖАҢЫ ӨЗБЕКСТАН: ШАВКАТ МИРЗИЁЕВДИН ЖОЛУ» — БООРДОШ ЭЛДЕРДИН ДОСТУК КӨПҮРӨСҮӨз сөзүндө Мамлекеттик катчы бул эмгек заманбап Өзбекстандын өнүгүү жолун, жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана мамлекеттик башкаруудагы өзгөрүүлөрдү чагылдырган маанилүү басылма экенин баса белгиледи. Китептин кыргыз тилине которулушу эки боордош элдин маданий, илимий жана руханий кызматташтыгын чыңдоодогу маанилүү кадам экени айтылды.

«Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тарыхый достук, орток маданий баалуулуктар жана стратегиялык өнөктөштүк акыркы жылдары мамлекет башчыларынын саясий эркинин аркасында жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Мындай китептер элдерди жакындатып, өз ара түшүнүшүүнү жана интеллектуалдык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт», — деди Арслан Койчиев.  «ЖАҢЫ ӨЗБЕКСТАН: ШАВКАТ МИРЗИЁЕВДИН ЖОЛУ» — БООРДОШ ЭЛДЕРДИН ДОСТУК КӨПҮРӨСҮОшондой эле, Мамлекеттик катчы аталган басылма жаштар, окумуштуулар, мамлекеттик кызматкерлер жана кеңири окурман журтчулугу үчүн баалуу маалымат булагы болоруна ишеним билдирди.

Иш-чаранын соңунда китептин жарык көрүшүнө салым кошкон авторлорго, котормочуларга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирилип, эки өлкөнүн ортосундагы достук мындан ары да бекемделе беришине тилектештик айтылды.

А.К., «КБ»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер