ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП

  • 20.09.2021
  • 0

Сузак районундагы N13 Акматалы Базаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде башталгыч класстары үчүн 150 орундуу мектептин ачылуу аземи болду.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП

Иш-чарага Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Сыдыкназаров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөт башчысы, курулушту каржылаган жеке демөөрчү Жакыпов Чубактын туугандары катышты.

Райондун акими мектептин жамаатын жана окуучуларды 15-сентябрь  Билим күнү жана жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.

— Билимдин башаты балдар бакчасынан башталып, пайдубалы мектепте курулат. Ар бир жаңы мектеп — бул илимге-билимге, келечекке жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай салынган даңгыр жол, — деди аким Баратбек Сыдыкназаров .

Бул имаратты Орто-Азия айылынын тургуну, ички демөөрчү Жакыпов Чубак өз капчыгынан  4 млн. сом өлчөмүндө акча каражатын жумшап, куруп берди.

Жыйын учурунда райондук мамлекеттик администрация жана Кызыл-Туу айыл өкмөтү тарабынан мектептин курулушуна тикелей колдоо көрсөткөн инсандарга Ардак грамоталар  тапшырылды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер