ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК КАНДАЙ?

  • 17.08.2021
  • 0

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева Биринчи май районундагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерип чыкты.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, В.Мозгачева №27 орто мектебине, №6 Автордук окуу комплексине жана №28 мектеп-лицейине барды.

№6 гимназиянын фойесинде жана акты залында оӊдоп-түзөө иштери жакында аяктайт. №28 мектепте жылытуу системасы оңдолууда, чоюн батареяларын орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат, №27 мектепте чатырлар жаңыртылууда.

Вице-мэр баардык иштерди окуу жылынын башталышына чейин бүтүрүүнү тапшырды.

Ал эми Свердлов районунун акимчилиги, райондук билим берүү борбору, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, Санитардык-экологиялык кызматы жана өрт өчүрүү кызматы Свердлов районунун билим берүү мекемелеринин даярдыгын текшерип, жалпысынан 27 мектеп жана 17 бала бакча текшерилди.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча мектептердин жана бала бакчалардын жаңы окуу жылына даярдыгы боюнча маселе муниципалдык администрациянын коллегиясында каралат.

Бүгүнкү күндө баардык мекемелер окуучуларды кабыл алууга даяр, учурда косметикалык оӊдоп-түзөө иштери аяктоодо.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер