ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРБЫЗБЫ?

  • 19.08.2022
  • 0

Ысык-Ата районунун Жээк айылындагы К.Жакыпов атындагы мектеп жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу мектептин директору Бактыбек Талайбеков билдирди.

— Биздин мектеп 1968-жылы ишке киргизилген, райондогу эң эски мектептердин бири болуп саналат. 2021-2022-окуу жылында мектепти 405 окуучу аяктады. Учурда мектептин оңдоп-түзөө иштери аяктады. Ремонт иштеринин жүрүшүндө мектептин класстарынын эшик-терезелери алмаштырылып, класстар акталып, сырдалды. Ал ремонт иштери Жээк айыл өкмөтү аркылуу республикалык бюджеттен алган 2 979021,7 сомдук дем берүүчү гранттык долбоордун негизинде жүргүзүлдү. Долбоорду ишке ашырууда республикалык бюджеттен 2 234 266,3 сом, жергиликтүү бюджеттен 744 755,4 сом акча каражаты жумшалды. Андан тышкары, компьютердик класс үчүн класстык-комплект эмеректери алынып келип, орнотулду.

Кечээ биздин мектепке райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Алмазбек Осмонов өзү келип, мектептин жаңы окуу жылына даярдыгын көрүп кетти. Учурда мектепте эмгектенип жаткан 30 мугалим жана мектеп администрациясы жаңы окуу жылына балдарды кабыл алууга толук даярбыз, — дейт райондогу жаш жетекчилердин бири Бактыбек мырза.

 

 

А.Кашыбаева
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер