ЖАҢЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕКТЕПТЕРГЕ ТАРАТЫЛУУДА

  • 22.10.2025
  • 0

Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесине табигый илимдер, математика жана англис тили сабактары боюнча окуу-методикалык комплекстерди (ОМК) колдонуу укугу берилди.

Учурда аталган окуу китептери кыргыз жана орус тилдеринде окутулган мектептер үчүн адаптацияланып, мазмуну жаңыланууда. Редакциялоо иштери жигердүү жүрүп, жакынкы күндөрү “Учкун” ачык акционердик коому тарабынан басылып чыгарышы күтүлүүдө.

Жаңы окуу-методикалык комплекстер мектеп программаларынын мазмунуна шайкеш келтирилип, заманбап билим берүү талаптарына жооп берет. Алар окуучулардын сабакты терең түшүнүүсүн жана практикалык көндүмдөрүн өрчүтүүгө багытталган.

Билим берүү тармагындагы бул жаңылык окутуу сапатын жогорулатып, мугалимдерге жана окуучуларга заман талабына ылайык окуу ресурстарын сунуштайт.

ЖАҢЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕКТЕПТЕРГЕ ТАРАТЫЛУУДА

Бүгүнкү күндө:

• “Математика”, 1-класс – 295 880 нускада басылып чыгып, мектептерге жеткирилди;

• “Мен жана дүйнө”, 1-класс – 295 880 нускада басылып, таратылууда;

• “Математика”, 2-класс – 344 660 нускада басылып чыгып, мектептерге таратыла баштады;

• “Табигый илимдер”, 2-класс – басууга даярдалууда.

ЖАҢЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕКТЕПТЕРГЕ ТАРАТЫЛУУДА

Бул окуу китептери мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык даярдалып, окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган.

Бөлүшүү

Комментарийлер