ЖАҢЫ КОНУШТА ЖАҢЫ МЕКТЕП КУРУЛУП ЖАТАТ

  • 08.10.2021
  • 0

Бишкектеги «Арча-Бешик — 2» жаңы конушунда 500 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул мектептин курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун насыясынын эсебинен каржыланганын Мамлекеттик курулуш агенттиги билдирди.

Объекттин тендердик баасы 1 миллион 230 миң доллар болгон. Сауд өнүктүрүү фонду 492,4 миң долларды каржылаган.

Долбоорго ылайык, жаңы мектепке окуучулар үчүн баардык шарттары бар окуу корпусу, ашкана, спорт залы, актовый зал, компьютердик класс, эмгек үчүн класс, ошондой эле химия, биология жана физика сабактары боюнча лабораториялар бар.

Маалым болгондой, курулуш иштери 40%га аяктап алды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер