“ЖАҢЫ КИТЕП” АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ МЕНЕН ИШТӨӨ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕР ӨТТҮ

  • 20.10.2022
  • 0

19-октябрда К.Дарданов атындагы №3 мектеп-гимназиясында жана Кара-Буура районундагы Ж.Субанбеков атындагы инновациялык мектепте, 18-октябрда Талас облусунун Манас районундагы “Улукман” лицейинде жана Бакай-Ата районундагы У. Акынбеков орто мектебинде “Жаңы китеп” автоматташтырылган маалымат системасы менен иштөө боюнча тренингдер өткөрүлдү.

“ЖАҢЫ КИТЕП” АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ МЕНЕН ИШТӨӨ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕР ӨТТҮ

Тренингде “Жаңы китеп” мекемесинин адистери системанын, анын ичинде отчетторду түзүү боюнча функцияларды көрсөтүштү. Жыйынтыгында китепканачылар ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатып, китепкана фондун ыкчам жаңыртып турушары күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер