ЖАҢЫ ДАЙЫНДООЛОР
- 27.08.2026
- 0
Жетекчиликке талапкер катары резервге өтүп, жогорку упай алган талапкерлердин алгачкылары «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу тандалып, билим берүү уюмдарына жетекчилик кызматка дайындалды.

Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, Кызыл-Жол жалпы билим берүү мектебине Жусупова Зуура Абдырахмановна; “Акжолтой” Баткен мектепке чейинки билим берүү уюмуна Калыкова Мактым Мамасалыевна 5 жылдык мөөнөткө жетекчилик кызматка дайындалды.
Белгилей кетсек Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу тандоого өткөрүлгөн.
Г.А., “КБ”