«МУГАЛИМ МЕКТЕПТИН ЖҮРӨГҮ». МУГАЛИМДЕР КҮНҮНӨ КАРАТА ӨТКӨРҮЛҮҮЧҮ ИШ ЧАРАЛАР

  • 23.09.2022
  • 0

2022-жылдын 5-октябрында билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата  мектептерде «Жаңы чакырыктар – жаңы  бийиктиктер» урааны астында иш-чаралар өткөрүлөт. Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу чыкты. Анда тийиштүү иш чаралардын тизмеси көрсөтүлдү.

Атап айтканда, куттуктоолор «телеграммалар/открыткалар» конкурсу, «тик-ток» куттуктоолору, онлайн челлендж аркылуу мугалимди куттуктоо, «Мугалим-мектептин жүрөгү» темасындагы класстык сааттарды, жолугушууларды өткөрүү (8-11 класстар), «Эгер мен Мугалим болсом …» темасында эссе жазуу (9-11 класстар), педагогикалык орто-атайын жана жогорку окуу жайлардын адистери менен жогорку класстын окуучуларын жолуктуруп кесиптик багыт берүү иштерин жүргүзүү,  мектеп жана мугалим жөнүндө ырлардын, обондуу ырлардын фестивалы /конкурсу (1-7  класстар) жана башка иш чаралар.

Иш чараларды өткөрүүдө коопсуздукту, санитардык нормаларды сактоону камсыз кылуу керек, ошондой эле майрамдык иш чараларды уюштурууга каражат чогултууга тыюу салынат.

“Мугалим – мөмөлүү дарак” демекчи, мугалимдик — илгертен келе жаткан ыйык кесип экени талашсыз. Кылымдар бою педагогика илими муундар алмашса да, замандын агымынан артта калбастан, келечек муунду заманбап билимден, тарбиядан артта калтырбастан, билим берүүнүн өнүгүү процессине тизгиндеш өнүктүрүүгө аракети күч болуп келүүдө.

Билим берүү  бүгүнкү күндө дүйнөлүк рейтингдерге теңелүү үчүн жана ички потенциалды өстүрүү үчүн көптөгөн иш-чаралардын үстүндө иштөөдө. Кайсы доордо, кандай кыйынчылыкта болбосун, билим берүү алдыга умтулуу жана келечек муундун артыкчылыгы үчүн күчүн аяган эмес.

Бөлүшүү

Комментарийлер