Ж.СААЛАЕВДИН ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ

  • 18.02.2019
  • 0

ЭНЕ-БЕЙИШ

Ж.СААЛАЕВДИН ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ

Биз бейишти көрбөгөнбүз эгерим,

Бейиш кандай, элестетип келемин.
Бейишти биз издеп жүрсөк кайда деп,

Бейиш тура таманында эненин.

 

Баскан изи, турган жери эненин,

Бейиш экен, бейиш деген себебим.
Бала үчүн төккөн эне мээрими,
Бейиштен да артык, жылуу дегеним.

 

Балдарым деп түзүп турган бейишти,

Эне барда балдар билбейт кейишти.
Балдар үчүн — бейиш алтын апалар,

Балдар бейиш болбогону кейиштүү, – аттуу ырдын автору, белгилүү акын, журналист Жедигер Саалаевдин «Поэзия кечеси» 15-февралда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болуп ѳттү.

Кечеде алгач университеттин ректору Т.Абдырахманов сүйлөп, акындын ѳмүр жолуна, чыгармачылыгына, илимий-публицистикалык макалаларына кеңири токтолуп, сөзүнүн акырында КМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде Ж.Саалаевге “КМУнун ардактуу профессору» наамын тапшырды.

Кеченин экинчи бѳлүгүндө Жедигер Саалаев жан дүйнѳсүнѳн оргуштап чыккан ырларынан кѳркѳм окуп, таамай айтылган ыр саптары менен жаштарды ата-энени, туулган жерди, жубайды, жоро-жолдошторду сүйүүгѳ, урматтоого чакырды.  Улуу инсандар даңктап келген «сүйүү» лирикалары жѳнүндѳ студенттердин суроолоруна жооп берип жатып, ѳзүнүн студенттик күндѳрүн да эскерип ѳттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы кабарларды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер