КУУДА ПЕДАГОГ ОКУМУШТУУЛАР ТУУРАЛУУ КИТЕПТИН БЕТ АЧАРЫ БОЛДУ
- 01.07.2026
- 0
2026-жылдын 30-июнунда Ж. Баласагын атындагы КУУда «Кыргыз Республикасындагы педагогика илимдеринин докторлору» аттуу китептин бет ачары өткөрүлдү. Китепти жарыкка чыгаруу Кыргызстан педагогдор коому тарабынан демилегеленип жана даярдалган.
Китептин бет ачар аземин Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, г.и.д., профессор Догдурбек Чонтоев жана Кыргызстан педагогдор коомунун төрагасы Эсенбек Мамбетакуновдор жасашты.

Иш-чара «Искендер Исамидиновдун окуулары: Санариптик трансформация шарттарында педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо» аттуу эл аралык педагогикалык форумдун алкагында өткөрүлдү.
Иш-чаранын ачылышында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, г.и.д., профессор Догдурбек Чонтоев куттуктоо сөз сүйлөп, “Кыргыз Республикасындагы педагогика илимдеринин докторлору” аттуу китептин бет ачары бул кыргыз педагогика илиминдеги маанилүү окуя жана анын улуттук педагогиканын башаты болгон куттуу окуу жайында өткөрүлүп жатышы да бекеринен эмес экендигин баса көрсөттү.
Ректор өз сөзүндө: “Эгерде бүгүнкү күнгө чейин өлкөбүздө 92 педагогика илимдеринин доктору илимий диссертацияларын коргогон болсо, анда алардын басымдуу көпчүлүгү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен чыккан окумуштуулар. Көзү өтүп кеткен, академик Азиз Эминович Измайловдон тартып, залкар окумуштуулар Мукаш Руставлетович Балтабаев, Киреше Иманалиев, Бектурсун Алымов, Аскар Осмонкуловдор да өз кезегинде Улуттук университетте эмгектенишкен. Ал эми бүгүн активдүү иш-аракеттеги педагогика илимдеринин 11 доктору университетибизде эмгектенип жатышат. Эсенбек Мамбетакунов, Нурбүбү Асипова сыяктуу педагогика илиминдеги Бакай ата, Умай эне сыяктуу инсандарынын Улуттук университетте болушу чоң сыймык!
Белгилей кетсек, быйыл биринчи жолу 13.00.01-жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы, 13.00.02-окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (чет тили) адистиги боюнча диссертациялык кеңеш ачылып, өз ишин баштады” деп белгиледи.
Ал залкар педагогика илиминдеги көрүнүктүү окумуштууларга ыраазычылык билдирүү менен:
“Сиздер менен кыргыз интеллигенциясынын, анын ичинде илимпоздордун арасында педагог-окумуштуулардын бараандуу өкүлдөрү катары Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы сыймыктанат! Жогорку билим берүүнүн, окуу жайлардын көч башы болгон Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Сиздердин ишиңиздерди даңазага татыктуу деп санайт. Өзүңүзгө көрсөтүлгөн мындай сый-урмат мамиле сиздердин адистерди даярдоого, педагогика илимин өнүктүрүүгө кошкон зор салымыңызды дагы бир ирет айгинелеп турат.
Сиздер Ата-Мекендин сыймыктуу педагог атуулусуздар. Сиздердин кылган ар бир иш-аракетиңиздер жалпы элге, өлкөгө, педагогика илимине, билим берүү тармагына, жаштарга болгон жоопкерчилигиңиздерди көрсөтүп турат. Ошондуктан калк арасындагы, билим берүү жаатындагы, педагогикалык коомчулуктагы аброюңуздар өтө жогору. Куттуу окуу жайыбыздын атынан Сиздерге терең алкыш айтуу менен бекем ден соолук, илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди каалайм!” деген жылуу пикирин арнады.
Ректор Догдурбек Чонтоев китептин бет ачарына келип катышкан 30дан ашык педагогика илимдеринин докторлоруна университеттин атынан алкыш каттарын тапшырды.
Китептин бет ачар аземинде Ж. Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору, п.и.д., КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Назаркул Ишекеев педагогика илимин өнүктүүдөгү кыргыз окумуштуулары тууралуу омоктуу баяндама жасады.
Эмгектин башкы редактору Эсенбек Мамбетакунов анын жаралуу тарыхы тууралуу баяндап, өз сөзүндө: “Кыргыз элинин тарыхына тереңдеп кирип, кыргыздардын эл катары калыптанышындагы социалдык жактан өсүп-өнүгүүсүндөгү таалим-тарбиянын маанисине саресеп салсак, көп кылымдык тажрыйбанын бар экендиги байкалат. Анткени улуттук каада-салт, нарктуулук касиеттер муундан-муунга берилип отуруп, биздин заманга келип жетти. Анын негизги себеби кыргыз элинде таалим-тарбияга өзгөчө көңүл бурулгандыгы болуп эсептелет. Алсак, улууну урматтоо, кичүүлөргө ызат көрсөтүп кам көрүү, жашоо эрежелерин кыйшаюусуз аткаруу, табигый жана социалдык экологиянын карым-катнашын көздүн карегиндей сактоо сыяктуу жазылбаган эрежелер, мыйзам ченемдер элибиздин эс-тутумунда сакталып келе жатат. Ал болсо элдик педагогика менен илимий педагогиканын жуурулушуп, кызмат өтөөсүнүн жемиши.
Азыркы учурда, кыргыз интеллигенциясынын, анын ичинде илимпоздордун арасында педагог-окумуштуулардын бараандуу өкүлдөрү пайда болду. Алар педагогика илиминин ар кандай тармагы боюнча изилдөө ишин жүргүзүп, педагогика илимдеринин доктору деген окумуштуулук даражага ээ болгондор. Окумуштуулардын эң улуусу 1907-жылы төрөлгөн болсо, эң кичүүсү 1983-жылы төрөлгөн.
Тарыхта кайсы бир фактылар жөнүндө маалымат бергенде он жылдыктар боюнча бөлүштүрүлөт. Ошол эле жылдыктарды колдонсок, Кыргызстанда 1910-жылдарда төрөлгөн 2 адам педагогиканын доктору даражасын алган, 1920-жылдагылардан – 5, 1930-жылдагылардан – 7, 1940-жылдагылардан – 14, 1950-жылдагылардан – 40, 1960-жылдагылардан – 15, 1970-жылдагылардан — 11, 1980-жылдагылардан – 1. Абайлап талдап көрсөк, докторлук илимий даража алгандардын көптүгү 1950-жылдардагылар. Мунун да объективдүү себеби болсо керек. Аны да изилдеп көрөбүз. Кандай болгондо да бул кызыктуу факт.
Кыргызстан педагогдор коомунун активисттери кеңешип отуруп, республикада педагог-докторлордун жасаган эмгектерин жалпыга маалымдоо, ошондой эле келечектеги изилдөөчүлөр үчүн маалымат кору болуп калгандай эмгек жаратуу максатында ушул китеп даярдалды. Редакциялык коллегия түзүлүп, алар ар кандай мүнөздөгү уюштуруу иштерин аткарышты. Алардын баардыгына терең ыраазычылык билдирүү менен кесиптештериме бекем ден соолук, илимий-педагогикалык иштериндеги ийгиликтерди каалайм!” деп белгиледи.
Китептин редакциялык коллегиясынын тобу:
Мамбетакунов Э.М. — Ж. Баласагын атындагы КУУнун физиканы окутуунун технологиялары жана табият таануу кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, Ардактуу академиги, Кыргызстан педагогдор коомунун төрагасы – башкы редактор
Сулайманова Р.Т. — Ж. Баласагын атындагы КУУнун И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор – жооптуу редактор
Асипова Н.А. — Ж. Баласагын атындагы КУУнун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору
Калдыбаева А.Т. — И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору
Алиев Ш. — И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору
Чоров М.Ж. — И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору
Муратов А.Ж. — И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору
Рысбаев С.К. – Кыргыз билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкери, педагогика илиминин доктору, профессору
Карабалаева Г.Т. — Ж. Баласагын атындагы КУУнун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессору
Сатыбекова М.А. — Ж. Баласагын атындагы КУУнун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин доктору
Исаева Р.У. — Ж. Баласагын атындагы КУУнун физиканы окутуунун технологиялары жана табият таануу кафедрасынын доценти.
Презентацияга китепке каарман катары кирген республикадагы педагогика илимдеринин докторлору катышып, басылманын өлкөнүн педагогика илиминин өнүгүшүндөгү маанисин белгилешти, катышуучулар тарабынан кааалоо-тилектер айтылды.
Рахат Сулайманова — Ж. Баласагын атындагы КУУнун И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун директору, “Мугалим” журналынын башкы редактору, п.и.д., профессор





















Комментарийлер