ӨЗГӨН РАЙОНУНУН 21 ОКУУЧУСУ  ЭЛ АРАЛЫК СЕРТИФИКАТКА ЭЭ БОЛУШТУ

  • 06.05.2024
  • 0

 

ӨЗГӨН РАЙОНУНУН 21 ОКУУЧУСУ  ЭЛ АРАЛЫК СЕРТИФИКАТКА ЭЭ БОЛУШТУАпрель айында Англиядагы атактуу Кембридж университетинин экзамендер департаментинен жагымдуу кабар келди. Тактап айтканда, Евростандарттын талаптарына толук жооп берген, дүйнө өлкөлөрү тааныган, англис тили боюнча татаал, оор А1 даражасындагы сертификатка Өзгөн районунун 5-6 класстарынын 21 окуучусу ээ болгону кабарланды.

-Былтыр, ушундай эле сертификатка Лейлек районунун бир нече окуучулары жетишкендиги, алар Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык катына ээ болгондугун кабарлаган элек. Аталган саамалык алыскы аймактардын окуучулары да дүйнөдөгү эң бир абройлуу билим мекемелери менен байланышып, алдыңкы окуу процесстерин өздөштүрө ала тургандыгын далилдеди. Жергиликтуу бийлик да бул саамалыкта четте калбай, окуу жылынын аягында жогорудагы окуучуларды сыйлоо камында. Ал турасында жакында атайын кеңири сөз болот. Ушинтип, жакшы саамалыкты өлкө боюнча жайылтып алсак, өз кезегинде Англия, Франци, Германия өңдүү алдыңкы өлкөлөр жеткен чекти биздин окуучулар да багындырып, заманбап билим алып, ал өз кезегинде өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошо тургандыгы айтпаса да белгилүү, -дейт “Англис тили-7 айда” китебинин автору Шайлообек Назаралиев. Ал андан ары өз сөзүндө бул саамалык айылда туруп эле  өлкөбүздөгү элиталык мектептери жетпеген чекти багындырса боло тургандыгын далилдей алганын да баса белгилеп кетти.

Жогорудагы иш чара  Кыргызстанда  алгачкы жолу жазылган “Англис тили 7 айда” китебинин автору Ш.Назаралиевдин жаңы методикасы жана демөөрчүлүгү менен ишке ашты.

М.Токторов,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер