ӨЗГӨН: 200 ОРУНДУУ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛИП, ЖАҢЫСЫ КУРУЛА БАШТАДЫ

  • 22.09.2020
  • 0

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Алча-Башат айылынын № 86 Кысык-Алма орто мектебинин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди.

ӨЗГӨН: 200 ОРУНДУУ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛИП, ЖАҢЫСЫ КУРУЛА БАШТАДЫ

Мектептин ачылуу аземине Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев катышты.

ӨЗГӨН: 200 ОРУНДУУ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛИП, ЖАҢЫСЫ КУРУЛА БАШТАДЫ

Кысык-Алма орто мектебинин 200 орунга ылайыкташкан жаңы имаратынын  курулушу 2015-жылы башталып, республикалык бюджеттен 32 млн 700 миң  сом бөлүнгөн.  Мектептин ашканасы заманбап талапка ылайык салынган. Компьютердик классы бар. Мектептин спорт залынын курулуш иштери уланууда. Учурда мектепте 197 окуучуга 18 мугалим билим жана тарбия берүүдө.

ӨЗГӨН: 200 ОРУНДУУ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛИП, ЖАҢЫСЫ КУРУЛА БАШТАДЫ

Мындан сырткары, ушул эле райондун Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Т.Оморкулов атындагы мектебинин жаңы 150 орундуу имаратынын (спорт залы менен бирге)  курулушу башталды.

ӨЗГӨН: 200 ОРУНДУУ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛИП, ЖАҢЫСЫ КУРУЛА БАШТАДЫ

Аталган мектеп 1990-жылы курулган.  Мектептин 1-корпусу  2015-жылдын 17-ноябрдагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга кептелген болчу. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 54 млн сом бөлүнгөн.

                  Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер