ӨЗГӨЧӨ СТАТУСТАГЫ ЖОЖдорду ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЖОЛ КАРТАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 22.11.2022
  • 0

2022-жылдын 18-19-ноябрында Билим берүү жана илим министрлиги Эразмус + Улуттук кеңсеси менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, өзгөчө статус алган жогорку окуу жайлардын ченемдик-укуктук базасын талкуулоо боюнча семинар өткөрдү.

ӨЗГӨЧӨ СТАТУСТАГЫ ЖОЖдорду ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЖОЛ КАРТАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Семинардын максаты жогоруда аталган Жарлыкты ишке ашыруу боюнча жол картасын иштеп чыгуу болуп саналат.

Семинарга Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, министрликтин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын жана Илим бөлүмүнүн башчылары, Жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча эксперттер жана өзгөчө статустагы ЖОЖдордун ректорлору, проректорлору катышты.

Эскерте кетсек, Жарлыктын негизинде мамлекеттик жогорку окуу жайларына кеңири уюштуруучулук, каржылык жана академиялык автономия каралган өзгөчө статус берилет:

    Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
    Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
    Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
    Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
    Ош мамлекеттик университети.

Бөлүшүү

Комментарийлер