ӨЗГӨЧӨ МАКАМГА ЭЭ БОЛГОН ЧЕК АРАЛЫК АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК КОМИССИЯНЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

  • 26.02.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаровдун төрагалыгы алдында «Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму өттү.

ӨЗГӨЧӨ МАКАМГА ЭЭ БОЛГОН ЧЕК АРАЛЫК АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК КОМИССИЯНЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Белгиленгендей, 2018-2020-жылдарга карата айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы 33 иш-чараны камтыйт. Алар үчүн бюджеттен 296,25 млн сом бөлүнгөн.

Жумушчу комиссиянын жүрүшүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик программаны аткаруунун актуалдуу маселелери талкууланды.

«Аталган мамлекеттик программа биз үчүн зор мааниге ээ. Бул биринчи кезекте чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо, социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери, ушул багыттар Өкмөт үчүн артыкчылыктуу болуп саналат. Ошондуктан көрсөтүлгөн иш-чаралар планын толук көлөмдө сапаттуу аткарууну камсыз кылуу маанилүү, мындан өзгөчө макамга ээ болгон чек ара аймагында жашаган калктын бакубатчылыгы көз каранды. Тиешелүү Мыйзамды, Жогорку Кеңештин токтомдорун аткаруу өзгөчө көзөмөлдө турат»,- деп баса көрсөттү вице-премьер-министр Акрам Мадумаров.

ӨЗГӨЧӨ МАКАМГА ЭЭ БОЛГОН ЧЕК АРАЛЫК АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК КОМИССИЯНЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Жыйындын алкагында Мамлекеттик программаны актуалдаштыруу боюнча сунуштар талкууга алынды. Ошондой эле жумушчу комиссия 18 калктуу конушту өзгөчө макамга ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесине киргизүү үчүн алты мамлекеттик органдын сунуштарын карап чыкты.

Вице-премьер-министр мамлекеттик органдарга мамлекеттик программага киргизилген иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер