ӨЗГӨЧӨ МАКАМДАГЫ ЖОЖдордун КОНСОРЦИУМУН ТҮЗҮҮ ЖОНҮНДӨ МАКУЛДАШУУГА КОЛ КОЮЛДУ

  • 20.01.2023
  • 0

19-январда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы №243 буйругуна ылайык өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушту.

ӨЗГӨЧӨ МАКАМДАГЫ ЖОЖдордун КОНСОРЦИУМУН ТҮЗҮҮ ЖОНҮНДӨ МАКУЛДАШУУГА КОЛ КОЮЛДУ

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рысбек Нургазиев, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттк медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова жана Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков өзгөчө макамы бар ЖОЖдордун консорциумун (бирикме) түзүү жөнүндө келишимге кол коюп, уюмдун жалпы чогулушунун төрагасын жана катчысын шайлашты.

ӨЗГӨЧӨ МАКАМДАГЫ ЖОЖдордун КОНСОРЦИУМУН ТҮЗҮҮ ЖОНҮНДӨ МАКУЛДАШУУГА КОЛ КОЮЛДУ

Консорциум өндүрүштүк, каржылык, илимий-техникалык ресурстарды бириктирүү, ЖОЖдордун эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу  максатында түзүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер