Өзгөчө үлгүдөгү аттестаттар тапшырылды

  • 04.07.2024
  • 0
Бишкек шаарында борбор калаанын жалпы билим берүү уюмдарынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнө өзгөчө үлгүдөгү аттестаттарды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 
Мэр Айбек Джунушалиев мыкты бүтүрүүчүлөргө аттестаттарды, ал эми билим берүү уюмдарынын жетекчилерине ыраазычылык каттарды тапшырды.
«Быйыл республика боюнча 134 окуучу «Алтын тамганын» ээси болду, анын 45и биздин бүтүрүүчүлөр. Республика боюнча 56 окуучу ЖРТнын алтын сертификатын алды, алардын 32 борбордогу мектептердин окуучулары. Бул көрсөткүч жыл сайын жакшырат деп ишенем. Анткени силер биздин келечегибизсиңер. Биз силерден ата мекенин сүйгөн, анын эртеңки жаркын келечеги үчүн күрөшкөн, анын өнүгүшүнө татыктуу салымын кошкон, ар намыстуу, жоопкерчиликтүү жана мекенчил инсан болуп чыгарыңарга бекем ишенебиз», — деди калаа башчысы.
Иш-чарага райондук администрациялардын башчылары, мектеп директорлору жана ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү катышты.
Артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктаган окуучулар үчүн шаардык бүтүрүү кечесин өткөрүү салтка айланган. Билим берүү департаменти өткөргөн иш-чаранын коноктору шаардагы 8 787 бүтүрүүчүнүн 45 бүтүрүүчүсү болду.
Белгилей кетсек, 2024-окуу жылында шаар мектептеринин 9-классын 17 773 окуучу, 11-классты 8 787 окуучу аяктаган.
Эльвира Какиева, «Кут Билим»
Бөлүшүү

Комментарийлер