ӨЗБЕКСТАНДЫК ИЛИМПОЗДОР ОШТУДА КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТАТ
- 02.04.2025
- 0
Ош технологиялык университетине эки тараптуу эл аралык кызматташуу келишимдердин алкагында Өзбекстан Республикасындагы Андижан мамлекеттик техникалык университети менен Андижан экономика жана педагогика университетинин окутуучулары келишти.
Кошуна өлкөдөн келген окутуучулар — транспорт логистикасы, курулуш инженериясы, механика, экономика, архитектура, педагогика багыттары боюнча 144 академиялык сааттык квалификацияны жогорулатуучу курстан өтүшөт. Аларды Ош технологиялык университетинин тажрыйбалуу алдыңкы окумуштуулары окутат.
ОшТУнун басма сөз кызматы.



