ЗАМАНБАП КИТЕПКАНА АЧЫЛДЫ

  • 12.10.2021
  • 0

Кара-Кулжа районуна караштуу Көңдүк айылында мурдагы маданият министри, эл аралык “Руханият” ассоциациясынын негиздөөчүсү Акун Токтосартовдун айылында китепкана ачылды.

Маалыматка ылайык, ачылышка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышты.

Кайрат Иманалиев мындай заманбап китепкананын ачылышына жана айыл жеринде элеттик жаштар үчүн билимдин жана маданияттын борборуна айлана турган демилгелердин колго алынышын Маданият министрлиги колдой тургандыгын белгилеп, китепкана фондусуна 200 миң сомдук китеп тапшырды.

Министр өз сөзүндө Акун Токтосартовдун жалпы маданият тармагына кошкон салымын, анын искусстводогу ордун баса белгилөө менен, айыл элин мындай билим казынасынын кайрадан жаңыртылып ачылышы менен куттуктап, Акун Токтосартовдун үй-бүлөсүнө терең ыраазычылык билдирди.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер