ЗАЛКАРГА АРНОО

  • 02.11.2018
  • 0

Кыргыз Эл жазуучусу, классик, залкар калемгер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы өлкөбүздө масштабдуу белгиленип жатат. Кечээ  Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун үлгүлүү, элдик “Шаттык” хореографиялык ансамбли “Залкарга арноо” аттуу чыгармачылык билим берүүчү долбоорду шаардыктарга тартуулады. Бул уникалдуу долбоордун режиссеру В.Л.Фельд жана сценарийди “Шаттык” бий ансамблинин жетекчиси Э.Латыпов жазган. Мааракеге арналган иш-чарага алп жазуучунун карындашы Роза Айтматова, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев, белгилүү актерлор, Кыргызстандагы чет элдик элчилер, ЖК депутаттары катышты.

ЗАЛКАРГА АРНОО

Иш-чараны Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун директору Сабийра Челпакова ачып, сөздү билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбековага берди. Ал билим берүү тармагында алп жазуучунун мааракесин өткөрүүгө иш пландар бекитилгенин, бирок ал планга кошумча, кызыктуу иш-чаралар кошулуп жатканын айтты.

  • Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесин белгилеп жатып, биздин республикада абдан кызыктуу иш-чаралар жүрүп жатат. Биздин пландуу иштерге адамдардын жүрөгүнөн чыккан иш-чаралар дагы кошулууда. Бул эмнени билдирет? Демек, Чыңгыз Төрөкулович тирүү, ал биз менен дайыма бирге, — деди министрдин орун басары.

Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы аркылуу жаштарга тарбия, билим берүүдө адамгерчилик, ыймандуулук, маданияттуулук, мекенчилдик сапаттарды калыптандырууну көздөгөн долбоордо  жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардан үзүндү  экранда көрсөтүлүп, ал эми бийчилер болсо ошол чыгармадагы башкы каармандын ролун аткарышты. Жазуучунун чыгармаларында бүтүндөй бир нукуралык, эл турмушунан алынган накталык, жөнөкөй карапайым журттун мүнөзүнө таандык бир өзгөчөлүктөр бар экендигин “Шаттык” ансамблинин тарбиялануучулары сахнада бий аркылуу ачып беришти.

ЗАЛКАРГА АРНОО

  • Чыгарманын сюжетине карата бийлер коюлду. Мисалы, “Жамийланы” алсак, бийчи кыздар купум анын образын колдорунун ийилчектиги, баскан-турган кыймылдары менен ача алышса, “Кызыл алмадагы” кичинекей кыздын образын да ошол курактагы балдар, кыздар кызыл түстө кийимдерди кийип, балалыктын тазалыгын, аруулугун чагылдыра алышты. Мындай долбоорду элдин алдына алып чыгуу оюбуз беш жыл мурда пайда болгон эле. Ар бир бийдин түпкүрүндө чоң философия. Ал Айтматовдун философиясы. Балдарга жеткиликтүү кылып койдук деп ойлойм, — дейт ансамблдин жетекчиси Сырга Латыпова.

Ал эми долбоордун сценарийин жазган КР Маданиятына эмгеги сиңген кызматкер, “Шаттык” бий ансамблинин негиздөөчүсү Э.Латыповдун айтымында, 20-кылым ийгиликтүү, алдыга умтулган кылым болду.

  • Ч.Айтматов өзү айткандай, ал 20-кылымдын адамы. Андыктан биз “Шаттыктагы” балдар бий аркылуу Айтматовду жаңыча көз караш менен өздөрүнө ачышсын деп ойлодук. Турмуш, жашоо жөнүндө жазган улуу жазуучуну элдин бардыгы билиши керек. Биздин койгон спектакль аркылуу жерге, Кыргызстанга болгон сүйүүнү  көрөрмандар сезиши керек. Спектакль үч блоктон турат, — дейт Э.Латыпов.

Белгилүү режиссер В.Л.Фельддин пикиринде, “Шаттык” ансамбли бир жерде турбайт, алар дайыма изденүүнүн үстүндө иштешет.

  • Чыгармалардагы негизги учурларды алып, видеоклиптерди жасадык. Эмне үчүн? Балдарга кызыктуу болуш үчүн. Эгерде ушул биздин спектаклден кийин жок дегенде беш бала барып, улуу жазуучунун чыгармаларын окуса – бул биздин жеңиш. Бул жаңы режиссердук форма, — дейт режиссер.

Уюштуруучулар айткандай эле, көздүн жоосун алган кооз кийимдерди кийип ар бир чыгарма боюнча каармандардын ролун бий аркылуу жеткирген шаттыкчылардын койгон спектакли абдан кызыктуу, таасирлүү, өзгөчө болду.

  • Ар кандай нукта иш-чаралар өтүп жатат. Бирок бүгүнкү иш-чара өзгөчө экен. Мен күткөн эмес элем. Биз согуш мезгилиндеги кыйынчылыктарды башыбыздан өткөргөнбүз. Биздин муун ошол кыйынчылыктарды жеңип, бийиктиктерди багындырды. Ошондуктан бүгүнкү жаштар дагы Чыңгыз Төрөкуловичтей бийиктикти багындырып, максаттарына жетишсин, — деди улуу жазуучунун карындашы.
  • ЗАЛКАРГА АРНОО

Дүйнө эли кыргызды Чыңгыз Айтматов аркылуу таанышат. Жазуучунун эли үчүн кылган эмгеги, албетте, нар көтөргүс. Улуу, залкар, алп  жазуучунун эмгегин баалай билүү, аны дайыма жакшы күндөрдө эскерип туруу – баарыбыздын  милдетибиз.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер