ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУГА ТААЗИМ

  • 10.10.2023
  • 0

 ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУГА ТААЗИМ

ЖАЗУУЧУНУН ЖҮЗ ЖЫЛДЫГЫ АКСЫДА БЕЛГИЛЕНДИ

 

РЕДАКЦИЯДАН: Кыргыз эл жазуучусу, СССРдин эл агартуусунун отличниги, кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалим , Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны, маркум Жунай Мавлянов убагында “Мугалимдер газетасында” (Азыркы “Кут Билим” газетасында) узак жылдар бою башкы редактор кызматында үзүрлүү иштеген. Белгилүү жазуучу чыгармаларында адам турмушунун нарк-насилине арналган бир катар чыгармаларды жазып калтырды. Ал өзү катышкан кан майдандуу  согуш темасын  өзгөчө ачып берген. Жунай агай мугалимдердин да эң сүйүктүү жазуучусу, кеңешчиси эле.   Өткө жумада агай туулуп өскөн жери болгон Аксы районунун Кербен шаарында жазуучунун ысмын алып жүргөн инновациялык лицей -жатак мектебинде 100 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Салтанатты Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким З.Сыдыков ачты.  Мааракеге Кыргыз эл акындары М. Мамазаирова, Т. Нурманбетов, КР жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, окумуштуулар К.Сариева, Байас Турал баштаган көрүнүктүү инсандар, Жогорку Кеңештин, бир катар министрликтердин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, жергиликтүү тургундар,  Жунай агайдын балдары, инилери, жазуучунун калтырып кеткен мурасы болгон чыгармаларына, адамдык сапатына токтолушту. Аталган лицейдин мугалимдери Жунай агайдын чыгармаларына арнап, баяндама жасашты. Мындан тышкары салтанатта агайдын өрнөктүү өмүрүнө арналган сахналык оюн коюлду.  Агай өз өмүрүндө агартуу тармагына, кыргыз маданиятына, адабиятына зор салымын кошуп кетти. Бүгүн биз даңктуу жолду басып өткөн залкар жазуучунун бир кылымдык маарекесине карата көзү тирүү кезинде жазылган бир кездеги замандаштарынын, азыркы шакиртинин эскерүүлөрүнө орун бердик.

 

ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУГА ТААЗИМ

МЕН БИЛГЕН ЖУНАЙ

Жунай Мавляновдун областтык, республикалык гезиттерге жарыяланган ырлары аркылуу сырттан таанышкан элем. Анын өзү менен кийин таанышууга туура келди. Каникул мезгилинде Жаңы-Жол районуна барып, анын туулган жерин көрүп келүүнү мага сунуш кылса да, түрдүү себептер менен Жунайдын ал сунушун аткара алган эмесмин. Жунай ал мезгилде каардуу согуш капысынан үзгөн өзүнүн мугалимдик кесибин Таш-Дөбө орто мектебинде улантып жаткан учуру эле.

Ошол кездерде Жунай жазуучулукка баш оту менен биротоло кирүүгө ниеттенип жүргөн мезгили экен. Чындыгында да өзүнүн топтоп жүргөн чыгармачылык мүмкүндүктөрүн далилдеп, «Жүрөк» (1960), «Аркыт гүлдөрү» (1961), «Мөл булак» (1963) аттуу ырлар жана поэмалар жыйнактарын биринин артынан бирин чыгарып, кыргыз адабиятынын босогосун акын катары аттаган. Ошол жыйнактагы бир нече ырларга музыка жазылып, азыр да эл арасында ырдалып жүрөт. Бирок, автор ыр жазуудан эмнегедир кол үзүп, 1964- жылы «Мектеп» басмасынан чыккан «Бекиш, сага эмне болду?» деген повестинен кийин биротоло кара сөзгө өткөндүгүн көрөбүз. Ал адабияттын кайсыл жанрында эмгектенбесин өзүн ойчул, олуттуу, салабаттуу сүрөткер катары көрсөтө алды. Автордун калеминен жаралган «Ачык асман», «Бийиктик», «Жаңы таң», «Кайрымсыз жылдар» аттуу романдары, көптөгөн повесттери, аңгемелери менен кыргыз адабиятына орчундуу салым кошту. Айыл турмушунан, мугалимдердин турмушунан алып жазабы, же согуш жөнүндө жазабы, ал көзгө урунарлык, көңүлдө каларлык деталдар, сүрөттөөлөрдү колдонуп, чыгармаларына окурмандарды ынандыра алат, колуна алган кайсыл тема болбосун анын майын чыгара иштейт, бул анын жазуучулук чебердигинин натыйжасы. Айрыкча согушту өз көзүм менен көрүп келген мен анын согуш жөнүндөгү чыгармаларын окуганымда каардуу, кандуу согуштун коркунучтуу элестери анын калеминен апыртмасыз, бурмалоосуз тартылган түрдө көз алдыма даана келет.  Ошол апааттан Жунай сыяктуу курбуларым кантип аман калганына азыр да айран калам. Жунай Мавлянов менен көп мезгилден бери карай каламдаш да, таламдаш да болуп келе жатам. Ал тажрыйбалуу педагог катары мектептеги мугалимдер жамааты менен ырааттуу иш алып барып, чоң абройго ээ болгон сыяктуу эле, Жазуучулар союзун жетектеп, ар кыл мүнөздүү, шыгы ар кыл деңгээлдеги калемгерлер менен тил табышып үзүрлүү эмгектенгени бир мекемеде иштешкен мезгилде көзүм менен көрүп күбө болдум. Көп жыл бою жакындан жакшы билгендиктен анын адамдык сапаттары жөнүндө айтууга акылуумун. Ар кандай кыйын маселелерди, татаал иштерди чечүүдө, ар кыл пейилдүү адамдарга өздөрүнө ылайык парасаттуулук, сабырдуулук, билгичтик менен мамиле кылаар эле. Мындай иштөө ар кимдин колунан келе бербейт. Мындай сапат ар адамда боло бербейт эмеспи.

Ал жазуучулук бай тажрыйбасынан жаш жазуучулар менен көптөн бери марттык менен бөлүшүп, алардан чыгармачылык жардамын аяган жок. Зиректүү жаштардын бир тобуна зарыл насааттарын айтып, нускалуу кеңештерин берип, аларды белгилүү жазуучулардын тобуна кошууга чейин кылган камкордук далалатын өз көзүм менен көргөнмүн. Чыгармачылык жактан жалаң жаш жазуучуларга гана эмес, мага да көмөк көрсөткөнүн эсимден чыгара элекмин. 1994-жылы «Арашан» чыгармачылык үйүндө мен «Курманжан датка» аттуу ыр менен жазган романымды кайрадан бир сыйра редакциялап, басмага даярдап жаткан убагымда, Жунай ар бир кечте романдын бирден главасын окуп берип, ал өзүнүн өтө керек пикирлерин айтып, анын берген кеңеши боюнча кээ бир кошумча ыр саптарын кол жазмага киргизип, оңдогонмун, романдын ойдогудай турпатына жетишине ал нускоолуу жардамын көрсөткөнүнө ыраазы экенимди азыр да айткым келет.

Жунай Мавлянов өз өмүрүндө көп нерселерди көрдү, көп урунттуу окуяларга күбө болду. Ар кыл адамдардын ичинен көңүлү жактыргандары менен достошуп, сырдашып, жакшы мамиледе калды. Ал адамдагы жакшы сапаттарды жогору баалаган инсан. Жунайдын достугу, ак ниеттүүлүгү, нукура астейдилдиги менен айырмаланып тургандыгын айткым келет. Жунай экөөбүздүн көп жылдарга созулган достугубуз менен чын ыкласымдан сыймыктанам. Ушул жерде атактуу акыныбыз Алыкулдун Ысык-Көл жөнүндөгү: «Дүйнөдө канча жолдош күтсөм дагы, бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун» деген белгилүү ыр саптарын мен Жунайга адрестегеним орундуу болуп турат.

Сооронбай ЖУСУЕВ, Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл акыны

ҮЛГҮ АЛА ТУРГАН АДАМЫМ

Бир өмүрдө мындай адамдар кишиге көп кездеше бербейт. Болсо бирин -экин. Ошолордун ириси-мен үчүн Жунай Мавлянов. Кыргыз адабиятындагы белсемдүү жазуучу, эл ардактаган педагог. Жакшы жазуучу болуш мүмкүн, жакшы адам болуш кыйын деп коёт эмеспи. Жунай аке мен учун ушул эки ипостасты тең кармаган өтө бараандуу писан.

Эсимде, жетимишинчи жылдары мен прозага өтө берилип, жаңы чыккан чыгармаларды калтырбай окуп жүргөн чагымда «Бекиш, сага эм не болду?» деген повестти окуп алып селт эткеним. Күчтүү чыгарма болчу. Согуш каары эстен кеткис чагылдырылган. Кийин Жунай акенин өзүн көргөнүмдө кудум ошол аңгеменин кейипкери Бекиштин өзү экен деп элестеткем. Кийинчээрек «Ачык асман» романы чыгып, Жунай акени атактуу жазуучулардын катарына кошту. Ошол күндөн Жунай акенин адамдык сапаттарын үлгү тутуп, анын калбаат мүнөзүнө, сылык-сыпаа мамилесине суктанам. Бир топ жаш кичүү болсом да кадимки достордой мамиле күтөбүз.

К. АКМАТОВ, Кыргыз эл жазуучусу

ТААЛИМГЕРГЕ ТААЗИМ!

Алыскы Забайкалье аскер округунан аскерий кызмат өтөп келгениме бир жылга жакындап калган. Чыгармачыл чөйрөдөн алыстабайын деген аздек оюм жүзөгө ашпай, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кызыл дипломунун, Ата-журттан үч миң чакырым алыста жүрүп жазган ырларымдын күнү бир тыйынга арзыбай жүргөн чагым. Биш- кектеги (андагы Фрунзедеги) чыгармачыл адам баш-баанектеп иштей турган дээрлик бардык мекемелердин босогосун аттап, алдыртан кытмыр караган, жөн-жайыңды угуп, өмүр баяның жазылган өздүк баракчанын «туулган жери» деген жерге үңүлө тигилип, ошого жараша ичтен бүтүм чыгарган жетекчи сөрөйлөрдүн айтаар жообун ичтен айттырбай билип, көңүлүм иренжип аргам куруган күндөрдү эстесем, азыр да шаабайым сууй түшөт.

Жаңылбасам 1978-жылдын 25-апрели эле. Ушул күнү кызмат издеп дагы «жортуулга» чыккамын. Анда азыркы К.Тыныстанов жана Т. Абдымдмунов атындагы көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде «Мугалимдер газетасынын» редакциясы жана Кыргыз билим берүү институту жайгашкан эки кабат имарат бар эле. Бир тобокелге салып, «Редактор» деген жазуусу бар каалганы аяр ачып, жүзүнөн жылуу ырай төгүлгөн, ак чачтуу, чоң столдо калбаат отурган (мезгилдүү басма сөздө жарыяланган аңгеме, повесттери аркылуу студент кезден мага өңү тааныш) Жунай Мавляновго салам айтып кирип бардым. Шаша-буша жөн-жайымды айтып, биринчи ирет дидарлаштым.

Чыгармачылык чама-чаркымды тастыктаган ырларымды, макалаларымды, аскердик кызмат өтөгөн “Н”  полкунун командири кол  койгон мүнөздөмөнү, партиянын катарына кабыл алынсын деген үч сунушту окуган сон, канткен менен он сегиз жашка толуп-толбой согуш каарын сезип калган карт жоокер жазуучу да, кичине ийигип, боор толгоп, Жунай агай убактылуу кызмат бар экенин айтып, эгер ишеничин актасам, шартка жараша туруктуу иштетип калууга сөз берди.

Эми ойлосом багым бар экен. Тагдырдын жазмышы менен телегейи тегиз тең, алты дубан кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал кадырлуу адам, кара кылды как жарган калыс жетекчи, каржалбас калемгер Жунай Мавлянов менен жети жарым жыл бирге иштешип калганыма сыймыктанам.

Жунай агай жандан башка жаралган мээримдүү, кайрымдуу, камкор, улуу-кичүүнү ызааттаган сылык-сыпаа жөнбилги жаран эле. Жакшылык-жамандыкка бирдей түткөн, сабыр- дуулуктун артынан бир адам чанда бир жеткен бийиктиктердин бел белесин муюбай, каржалбай ашкан. Дегеним, ал-эл жазуучусу, Кербен мектеп-интернаттын көп жылдар бою жетектеген директору (азыр Жунай Мавлянов атындагы лицей), жазуучулар союзунун секретары, республикалык «Мугалимдер газетасын» («Кутбилим») он жети жыл бою жетектеген башкы редактор.

Жунай Мавлянов өсүп келе жаткан жаш муундардын тажрыйбалуу таалимгери катары «Ардак белгиси», Эмгек Кызыл Туу ордендери, республиканын Жогорку Кецешинин Ардак грамоталары менен сыйланган. «Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалими» деген ардак наамга арзыган. Абройлуу жоокер-жазуучу «Даңк» медалынын ээси.

Чыгармачылык ишке баш оту менен киришкен Жунай Мавлянов, көп миңдеген китеп окурмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон бир топ ангеме, повесттерди, романдарды, мезгилдин күрөө тамырын кармап, доорубуздун көйгөйлүү маселелерин көтөргөн публицистикаларды жазды. Мына ошолордун ичинен «Нан», «Эне», «Чагылган», «Ачык асман» жана «Кайрымсыз жылдар» аттуу китептери Жунай агайдын чыныгы чыгармачыл жүзүн көрсөтүп, кыргыз элинин атактуу жазуучуларынын сабына кошту десек туура болот. Даңкы дабан ашкан калемгердин мыкты жазылган ангемелери, повесттери, романдары орус, казак, өзбек, латыш, тажик, татар жана башка тилдерге которулуп, көп миңдеген окурмандардын адабий гүлазыгына айланды.

Жунай агайды устат туткан, бийик адамгерчилигин, сылык-сыпаалыгын астейдил сыйлап алдынан кыя өтпөгөн шакирттеринин саны арбын. Алардын бири-мен. Ырасын айтайын: чечекейим чеч толо кубанганда да, кабыргам кайышып кайгырганда да, же бир турмуштук ар кандай жагдайларга байланыштуу тийиштүү бүтүмгө келе албай түйшөлүп турганымда да кеп-кеңеш сурап устатыма кайрылам. Акылдашам, сырдашам. Аны менен сүйлөшкөндө жан дүйнөм тазарып, көңүлүм көлдөй чалкый түшөт.

Баса, Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары, «Мугалимдер газетасынын» башкы редактору болуп иштеп турган жылдары калеми төшөлө элек жаш акын-жазуучулар жана журналисттердин чыгармачыл баралына жетишине камкор атадай үйрүлүп түшүп, жакындан жардам берип тургандыгын жумурай журтка белгилүү болуп калышкан калеми курч журналисттер сыймыктануу менен айтып жүрүшөт. Эмесе, төмөндөгү ырымды да кыстара кетейин:

АСЫЛ АДАМ

Кыргыз Эл жазуучусу, унутулбас устатым

Жунай Мавляновго

Аркыттын гүлүн тергенсиз,

Алпейим кызга бергенсиз.

Катылган канкор душмандын,

Катыгын колго бергенсиз.

 

Асмандын каалап ачыгын,

Айттыныз ойдун ачыгын.

Аксы эмес, жамы журт билген,

Айкөлүм, абам асылым!

 

Ыраазы болгон дилинен,

Көп адамдын бири мен.

Жакшылык үчүн сиз кылган,

Жан атамдай ийилем.

 

Адамды аяр караган,

Адамды сыйлап аяган.

Адам деп согуп жүрөгү,

Адамды сүйөп таяган.

 

Жаштыктын жазбай сынынан,

Кебинин кайтпай чынынан.

Кебелген эмес жүз карап,

Жылдарда деле дымыган.

Тынчтык-Бек Нурманбетов, Кыргыз Эл акыны

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер