ЮРИСТТЕР ҮЧҮН БОШ ОРУНДАР ЖАРМАНКЕСИ ӨТТҮ

  • 29.11.2017
  • 0

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «Бош орундар жарманкеси»  уюштурулду.

Аталган жогорку окуу жайды бүтүрүп жаткан болочок юристтер үчүн өткөрүлгөн иш-чарада эл аралык жана өкмөттүк эмес  уюмдардын, сот-прокуратура, укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты. Мында алгач ОшМЮИнин окуу иштери боюнча проректору юридика илимдеринин кандидаты Мамасалы Арстанбеков мындай иш-чаралар институттун коомчулук менен байланышын  ар тараптан өнүктүрүп, кызматташууга ынгайлуу шарт түзөрүн айтты.

ОшМЮИнин сырттан окуу юридикалык факультетинин деканы Венера Эрматова  ушундай  бетме-бет жолугушуулар жогорку окуу жайды аяктап жаткан студенттерди келечекте жумуш орундары менен камсыз кылууга өбөлгө түзүп келаткандагын баса белгилеп өтүү. Чындыгында жумуш берүүчүлөр менен түз байланышып, жакындан ой бөлүшүү жараянында бүтүрүүчү студенттер жумушка орношуунун жаңы жол-жоболору, резюме толтуруу ыкмалары, чет өлкөлөргө стажировкаларга баруу программалары жөнүндө кеңири маалымат алышты.

Ош областтык сотунун судьясы Аида Эгембердиева, Ош шаардык прокуратурасынын мамлекеттик айыптоо бөлүмүнүн башчысы Байыш Аликеев жана  жардамчысы Акылбек уулу Нурсултан, «Интербилим» коомдук бирикмесинин жетекчиси  Гүлгаакы Мамасалиева, «Инсан жана адам» юридикалык кампаниясынын жетекчиси Сонунбек Жусупбаев жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү орчундуу ойлорун айтышып, катышуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп беришти. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер