ЫСЫК-КӨЛДӨН БАШТАЛГАН ЖАҢЫ ТАРЫХ
- 17.05.2026
- 0
Ысык-Көлдүн көгүлтүр жээгинде дагы бир жаңы тарых жазылды. Борбор Азияда биринчи жолу өтүп жаткан парус спорту боюнча чемпионат — бул жөн гана спорттук мелдеш эмес, аймактын спорттук, маданий жана туристтик келечегине жол ачкан алгачкы чоң саамалык. Төмөндө ошол маанайды чагылдырган спорттук баяндамачы Кабыл Макешовдун публицистикалык макаласын сунуштайбыз.
Борбор Азиядагы алгачкы парус чемпионаты — аймактын жаңы деми
2026-жылдын май айы Борбор Азиянын спорт тарыхына өзгөчө тамгалар менен жазылып калды. Себеби дал ушул күндөрү дүйнөнүн бермети аталган Ысык-Көл көлүнүн жээгинде парус спорту боюнча Борбор Азиянын тарыхындагы эң алгачкы чемпионат өтүүдө.
Бул — жөн гана жарыш эмес. Бул — Азиядагы парус спортунун жаңы доордун башталышы.
16-майда Чолпон-Ата шаарындагы «Круиз» яхта-клубу ак желектерди көтөрүп, эл аралык деңгээлдеги чоң спорттук окуянын борборуна айланды. Көл үстүндө шамалга каршы сүзгөн ак кайыктар Борбор Азиянын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн, жаңы умтулуусун жана жаңы рухун символдоштурду.
Бул Борбор Азиянын биринчи чемпионатына Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандан келген 100дөн ашуун мыкты спортчу катышып, көл үстүндө чеберчиликтерин көрсөтүп, мөрөй талашууда. Эл аралык деңгээлдеги калыстар тобунун курамында Түркия, Россия жана Кыргызстандын адистери иш алып барып, спортчулардын өнөрүнө калыстык кылышууда. Бул болсо эл аралык мелдештин жогорку деңгээлде өтөрүн дагы бир жолу далилдейт. Түркмөнстан менен Тажикстандын парус спорт федерацияларынын жетекчилери эмдиги жылы командасы менен келишээрин айтышты. Орто Азия өлкөлөрү катышып жаткан алгачкы чемпионатты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Асанбаев салтанатуу кырдаалда ачып, спортчуларга ийгиликтерди каалады.
Парус спорту көпчүлүк үчүн романтика, эркиндик жана кайраттуулуктун символу болуп саналат. Ал эми Ысык-Көлдүн тунук ак толкундары үстүндө өткөн бул жарыштар ошол сезимдерди чыныгы турмушка айлантууда. Көл үстүндө шамал менен жарышкан жаш спортчулар — эртеңки чемпиондор гана эмес, бүтүндөй аймактын келечегин көтөрө турган жаңы муун.
Кыргыз Республикасынын Парус спорту федерациясынын президенти, Кыргызстандын Улуттук Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, медицина илимдеринин доктору, профессор Канат Мамакеев бул чемпионаттын маанисин өзгөчө белгилеп:
“Бул чемпионат спорттук иш-чара гана эмес, аймактагы парус маданиятын өнүктүрүүгө жасалган чоң кадам. Ал жаш спортчулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөлөр ортосундагы достукту жана кесиптик кызматташтыкты бекемдейт. Ошондой эле керемет Ысык-Көлүбүздү Азиядагы парус спортунун ордосун айлантуу менен туризмдин өнүгүшүнө да зор салым кошот деп ишенем. Келечекте Азия өлкөлөрүнүн чемпионаттары дагы көлүбүздө өтүп калышына тилек кылам”, — деп белгиледи.
-Чындыгында эле, бул мелдеш — өлкөлөрдү жакындаткан достук көпүрө. Спорт аркылуу чек аралар жоюлуп, элдердин ортосундагы достук чыңдалууда. Көл үстүндө көтөрүлгөн ар бир желек — ынтымактын белгиси. Келечекте Кыргызстандын керемет Ысык-Көлү Азиядагы парус спортунун борборуна айланышына ишенем бар.
Малав Шрофф бул окуяны тарыхый учур катары баалап, мындай иш-чаралар Борбор Азия аймагында биринчи жолу өткөрүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул парус спорту менен байланышкан бардык тараптар — спортчулар, машыктыруучулар жана калыстар үчүн чоң мүмкүнчүлүк жана күчтүү дем берүүчү фактор болуп саналат.
Ошондой эле ал бул чемпионат жыл сайын өткөрүлүп туруучу салтка айланып, ASAF уюмунун расмий календарынын туруктуу бөлүгү болуп калат деген ишенимин билдирди, Азия континентинин парус спорт федерациясынын президенти, доктор Малав Шрофф.
Бул мелдештин келечеги кең экенин Өзбекстандын парус спорту федерациясынын президенти Эльдар Анарбаев менен Казакстандын парус спорту федерациясынын вице-президенти Максут Нарбаев дагы баса белгилешти.
Ысык-Көлдөгү эл аралык турнир парус спортунун бир нече түрлөрү: Optimist, ILCA-4, ILCA-6, ILCA-7, Fareast-23 класстары боюнча өткөрүлүп жатат. Мелдештин жеңүүчүлөрү 21-майда аныкталып, медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктардын ээлери болушат. Орто Азиядагы бул алгачкы саамалык демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өткөрүлүп жатат.
Чемпионаттын өзгөчөлүгү дагы бир маанилүү жагдайды көрсөттү: Кыргызстан эми эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жөндөмдүү өлкө катары дагы бир жолу таанылууда. Бул окуя Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүгүн дүйнөгө дагы кеңири таанытууга өбөлгө түзөт. Себеби бүгүн спортчулар келген жерге эртең дүйнө жүзүнөн туристтер агылып келет.
Дал ушул себептен бул чемпионатты жөн гана спорттук мелдеш деп атоо аздык кылат. Бул — Борбор Азиянын жаңы жүзү. Бул — жаштардын үмүтү. Бул — дүйнөгө ачылган жаңы терезе.
Көгүлтүр Ысык-Көл бүгүн тарых жазып жатат. Анын толкундары эми шамалдын үнүн гана эмес, бүтүндөй аймактын жаңы кыялдарын дагы көтөрүп, спортчуларды жеңиштерге шыктандырып баратат. Мындай ири мелдештер: парус спортуна кызыккан жаштардын санын көбөйтүүгө өбөлгө болот, эл аралык деңгээлдеги спорттук инфраструктуранын өнүгүшүнө түрткү берет, Ысык-Көл аймагын дүйнөлүк туристтик картада дагы даана таанылууга мүмкүнчүлүк берет, Борбор Азия өлкөлөрүнүн достугун жана кызматташтыгын бекемдейт.
Эң башкысы — мындай демилгелер өлкөнүн аброюн, кадыр-баркы көтөрөт. Спорт аркылуу дүйнө Кыргызстанды жаңы өңүттөн таанып баштайт.
Алдыдагы күндөр курч атаандаштыкка, кызыктуу жарыштарга жана көл үстүндөгү кооз спорттук көз ирмемдерге бай болору күтүлүүдө.
Ошондой эле Орто Азиянын парус спортунун машыктыруучулар, адистери жана жаш спортчулары үчүн дагы Чолпон-Ата шаарында Азиянын парус спорту федерациясынын өкүлдөрү семинар-кеңешме өткөрүп, бул спорттун өзгөчөлүктөрү, эрежелери, ыкмалары тууралуу кеңири баяндап беришти.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, спорттук баяндамачы ( Атайын Кут Билим үчүн)
Комментарийлер