“Ысык-Көл шеринеси”: Дүйнөнүн интеллектуалдык элитасы Чолпон-Атага чогулду

  • 18.06.2026
  • 0

Атактуу жазуучу жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген Ысык-Көл эл аралык форуму 40 жылдык мааракелик жыйынын өткөрүүдө.

Дүйнөлүк интеллектуалдар, саясатчылар, окумуштуулар, маданият жана искусство ишмерлери катышкан глобалдык жыйындын расмий ачылышы 18-июнда Чолпон-Атадагы “Рух-Ордо” маданий комплексинде болду.

“Ысык-Көл шеринеси”:  Дүйнөнүн интеллектуалдык элитасы Чолпон-Атага чогулду

Юбилейлик форумдун негизги максаты – Чыңгыз Айтматовдун гуманитардык мурасын жаңыртуу гана эмес, анын терең идеяларын жана чыгармаларын санарип доорунун реалдуулугуна ылайыкташтыруу. Форум интеллектуалдык жана маданий дипломатиянын призмасы аркылуу муундар ортосунда көпүрө курууга, адамзат кризисин, жасалма интеллекттин этикалык чакырыктарын жана глобалдык бөлүнүп-жарылууну жеңүү үчүн жаңы муундагы лидерлерге жана ойчулдарга сунуш кылууга умтулат.

Форумга  заманбап кытай жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь, украин жазуучусу жана котормочусу Васькив Микола, Татарстан жазуучулар союзунун төрагасы Ркаил Зайдулин, ТҮРКСКОЙдун экс-катчысы Дусенбай Касеинов, Москва Мамлекеттик Университетинин профессору Конурбаев Марклен, Казакстан Республикасынын Президентинин кеңешчиси Омаров Бауыржан, Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев келди.

“Ысык-Көл форуму ар дайым саясаттын же экономикалык пайданын эмес, адамзаттын фундаменталдуу келечеги, анын адеп-ахлактык багыттары жана глобалдык чакырыктар доорунда маданияттын ролу талкууланган жай болуп келген. Бүгүн, 40 жылдан кийин, Айтматовдун үнү жаңыча ураан менен жаңырышы керек. Биз кыргыз жерине чынчыл жана ачык диалогго даяр болгон дүйнөнүн интеллектуалдык элитасын кубанып тосуп алууга даярбыз”, — деп айтылат Уюштуруу комитетинин билдирүүсүндө.

Бөлүшүү

Комментарийлер