ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ДИРЕКТОРЛОРУ ҮЧҮН 2 КҮНДҮК ОКУТУУ БАШТАЛДЫ

  • 14.04.2023
  • 0

Бүгүн, 14-апрелде Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Ысык-Көл облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы 2 күндүк семинар башталды.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ДИРЕКТОРЛОРУ ҮЧҮН 2 КҮНДҮК ОКУТУУ БАШТАЛДЫ

Окутуунун жүрүшүндө “билим берүү системасындагы эмгек укуктарынын жөнгө салынышы”, “мектептин өнүгүүпланы” “инвестицияларды тартуу боюнча мектептин иш тажрыйбасынан” темаларында презентациялар жасалат.

Мындан сырткары катышуучулар “Жалпы билим берүү уюмдарынын менеджментин өнүктүрүүнүн ыкмалары, усулдары, каражаттары”, “Мектепке инвестиция тартуу үчүн долбоор жазуу”, “Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу (ЖРТ)”, “Эл аралык PISA программасына даярдануу” темаларында 4 топко бөлүнүп иштешет.

Бөлүшүү

Комментарийлер