ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДА ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА СПОРТТУК ТАЙМАШ ӨТТҮ

  • 08.12.2022
  • 0

Ысык-Көл облусунда окуучулар арасында спорттук таймаш өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан «Кабар» маалымат агенттигине билдиришти.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДА ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА СПОРТТУК ТАЙМАШ ӨТТҮ

Маалыматта айтылгандай, Ысык-Көл райондук милициясынын балдар иштери боюнча инспекциясынын демилгесинин негизинде Бостери айыл аймагында жайгашкан Х.Жээнбаев, Т.Атаев жана А.Мамытов атындагы орто мектептеринин окуучулары арасында ден соолукту бекемдөө, аң сезимди позитив жаатына бөлүү жана сергек жашоого умтулуу максатында спорттук таймаш уюштурулду.

Спорттук иш-чара “Зомбулуксуз жашоо” аталышындагы республикалык акциянын алкагында болуп өттү.

Таймашка окуучулар активдүү жана өзгөчө кызыгуу менен катышып, жыйынтыгында 1-орунга А.Мамытов атындагы мектеп-гимназиясынын командасы ээ болуп, Ысык-Көл РИИБнин башчысынын кубогуна татыды. Экинчи орунга Х. Жээнбаев атындагы мектеп лицейинин курама командасы, ал эми үчүнчү орунга Т. Атаев атындагы орто мектебинин командасы ээ болушту.

Бөлүшүү

Комментарийлер