ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ БОЮНЧА “САНАРИП МУГАЛИМ 2” РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 28.03.2022
  • 0

“Санарип мугалим 2” республикалык сынагынын Ысык-Көл облусу боюнча жеңүүчүлөрү аныкталды. Мында мугалимдер төрт ай бою китеп окуу, окуучуларды steam  олимпиадага даярдоо, сабакты жаңы технологиялардын жардамы менен өтүү өңдүү тапшырмаларды аткарышкан.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ БОЮНЧА “САНАРИП МУГАЛИМ 2” РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Сынакка жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 24 мугалим катышып, төмөндөгүлөр жеңүүчү аталган:

I орун — Байзакова Наргиза англис тили мугалими, Түркияга жолдомо (Түп району)

II орун — Исабекова Айнура орус тили мугалими, Ташкент шаарына жолдомо (Жети -Өгуз району)

III орун — Усупбаева Айдай англис тили мугалими, Ташкент шаарына жолдомо (Түп району)

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ БОЮНЧА “САНАРИП МУГАЛИМ 2” РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫМындан сырткары алдыңкы 10 мугалимге төш белги, грамота жана күбөлүктөр ыйгарылды.

Белгилей кетсек, аталган сынак  “Санарип мугалим” окуу борбору тарабынан уюштурулган.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер