ЫСЫК-КӨЛ ФОРУМУ: ДҮЙНӨЛҮК ДИАЛОГДУН 40 ЖЫЛДЫК МУРАСЫ
- 19.06.2026
- 0
2026-жылдын 18-июнунда Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий борборунда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов негиздеген Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына арналган салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Форум 1986-жылы негизделип, дүйнөлүк интеллектуалдардын ачык диалог аянтчасы катары таанылган.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегай, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, белгилүү окумуштуулар жана маданият өкүлдөрү катышты.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө форумдун дүйнөлүк интеллектуалдык диалогду өнүктүрүүдөгү өзгөчө ордун белгилеп, азыркы глобалдык чакырыктарды талкуулоодо жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоодо мындай аянтчалардын мааниси зор экенин баса белгиледи.
Форумга дүйнөгө белгилүү инсандар — Мо Янь, Ван Мэн, Питер Франкопан, Али Хамраев жана Василий Церетели катышып, илим, маданият жана адамзаттын келечегине байланышкан маселелер боюнча пикир алышууда.
Форумдун катышуучуларына Касым-Жомарт Токаев, Владимир Путин жана Режеп Тайып Эрдоган куттуктоо кайрылууларын жолдошту.
Мындан тышкары, форумдун алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Медиафоруму да өтүүдө. Ага уюмга мүчө өлкөлөрдүн расмий делегацияларынан 25тен ашуун өкүл жана Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын 60тан ашуун өкүлү катышууда.

Ысык-Көл форумунун 40 жылдык мааракеси Чыңгыз Айтматов негиздеген интеллектуалдык мурастын уланып жатканын дагы бир жолу айгинелеп, дүйнөлүк диалог менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маанилүү эл аралык окуялардын бири болуп калды.





Комментарийлер