ЫРАКМАТ, СИЗГЕ, АТА-ЭНЕ!

  • 17.03.2021
  • 0

Мугалим деген улуу кесипти аркалаганыма быйыл төртүнчү жылга баратат. Иш тажрыйбамдагы төрт жыл аралыгында бул кесиптин ары татаал, ары түйшүктүү, ары сыймыктуу экендигине ынандым.

ЫРАКМАТ, СИЗГЕ, АТА-ЭНЕ!

Жаш наристелердин жоодураган көздөрүнө тигилип, алардын эч кандай жасалмасы жок баёо мүнөзүнө, кылык-жоруктарына, балалык аруу, таза кыялдарына аралашып, ушул кесиптин ээси болгонума кубанам. Анан да апамдын жолун жолдоп, ал аркалаган кесиптин ээси экендигиме сыймыктанам.
Быйыл биринчи класстарды окутуп жатам. Аларга таалим- тарбия берүүдө ар бир балага, ар бир окуучуга кайрылып жатып, өзүмдөгү энелик сезимим артып, ар бирине мээрим төгөм, башынан сылаймын. Эмне үчүн мен булардын келечеги үчүн кайдыгер болушум керек? Андай болгон учурда коом, жаш муундун келечеги мени кечирмек беле? Эң оболу өзүмдү-өзүм кечире аламынбы? Албетте, жок. Балдарды окутуунун түйшүгүн биле туруп, анын жоопкерчиликтүү иш экендигин сезип, туюп, ошого кайыл болуп, ушул кесипти тандабадым беле, ушул окуучуларды 1-класска кабыл албадым беле?! Демек, менде артка чегинүүгө жол жок.
Мен бул макаламда айтайын деген оюм такыр башка. Ушул макала аркылуу ата-энелерге терең ыраазычылыгымды билдирип койгум келди. Анткени менин жаш экенимди, биринчи ирет 1-класс окутуп жатканымды эске алыштыбы, айтор, классымдын ата-энелери ар тараптан колдоого алышты. Такай мектеп менен байланышта болуу аркылуу ар бири өз уул-кыздарынын кулк-мүнөзүн, өзгөчөлүгүн, эмнени жактырып, эмнеге капа болорун билишти. Мугалимди туура түшүнүү менен окуучуларга керектүү материалдык колдоо көрсөтүп туруу — ата-энелердин милдети экенине ынанышып, мүмкүн болушунча камсыз кылып беришкендиги да мага болгон чоң жардам деп түшүндүм. Айрым ата-энелер өз убактыларын аябай мектепке келип, сабакка катышуусу, өз балдарынын кайсыл жерден, эмнеден аксап жаткандыгын байкоо менен, үйдөн көмөк көрсөтүүсү жардам эмей эмне?!
Ушул окуу жылында ата-энелердин мектепке материалдык колдоо көрсөтүшүп, өз демилгелери менен демөөрчүлүк кылып, окуу кабинетибизди заманбап кылып жабдып бергендиги, албетте, мактоого арзырлык. Бул жардамдар, материалдык жана моралдык колдоолор менин ишке болгон кызыгуумду арттырып, демиме дем кошту десем ашыкча болбос. Келечекте менден мыкты мугалим чыгар болсо, анда бул ийгилигимде ошол ата-энелердин да салымы чоң деп эсептейм.
Ыракмат, Сизге, ата-эне! Биз буюрса биргеликте кызматташуу аркылуу окуучуларыбыздын терең билим, татыктуу тарбия аларына жетишебиз. Анткени мен сыяктуу силер да балдарыбыздын келечегине кайдыгер эмессиңер деп ишенем.
Бар болуңуз, ыракмат, Сизге, ата-эне!

Абдужалилова Гузаль,
Аксы районундагы Т.Үмөталиев атындагы орто мектептин башталгыч класстар мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер