ЫНТЫМАК, ЫРЫСКЫНЫН УЮТКУСУ

  • 29.03.2024
  • 0

 

 

 

ЫНТЫМАК, ЫРЫСКЫНЫН УЮТКУСУНооруз майрамы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде чоң шыктануу менен белгиленди. Чыңгыз Айтматов атындагы кампуста жайгашкан ректораттын алдында өткөрүлгөн салттуу Нооруз майрамына арналган иш-чара ырым-жырымдары менен достукту жана маданий биримдикти даңазалады. Иш-чарага “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор, профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, декандар, профессордук-окутуучулук курам, административдик кызматкерлер жана студенттер чоң кызыгуу менен күбө болушту.

Кылымдардан бери келе жаткан Нооруз ырым-жырымдары “Манас” университетинде

Нооруз майрамы жөн гана майрам эмес, ал жаратылыштын ойгонушунун, берекенин жана үмүттүн гүлдөшүнүн символу. Ректор, профессор Алпаслан Жейландын темир чабуу үрп-адаты менен башталган Нооруз майрамына арналган салтанатуу иш-чара катышуучулардын оттон секирүү жөрөлгөсү менен уланды.

Нооруздун кылымдардан бери келе жаткан каада-салттары сакталган майрамдык иш-чарада “Түрк дүйнөсү” элдик бий тобу, Кара Жорго жана “Дастан” комуз тобу мыкты аткаруулары менен таасир калтырышты. Кыргыз күүлөрүнүн жана түрк музыкасынын үнү бүтүндөй кампуска жаңырды. Ырчылар Ирфан Гүрдал жана Элмира Тажиева өзгөчө ырлары менен Нооруздун толкунун туу чокусуна чыгарышты.

“Манас” телевидениесинин түз эфири менен миңдеген адамдар университеттин атмосферасына жана Нооруз майрамынын шаңына күбө болушту.

“Түрк жаштарынын багыты айкын”

Программанын жабылыш сөзүн сүйлөгөн ректор, профессор Алпаслан Жейлан: “Борбор Азиядан Балкандарга чейин созулган кең географияда жаздын башталышын, молчулукту жана берекени символдоштурган дагы бир Нооруз майрамына жеткенибизге кубанычтабыз”,- деп Нооруздун маанисин баса белгиледи. Тамыры терең мурастарыбыздын бири болгон Нооруз майрамын “Манас” үй-бүлөсү катары майрамдоо сыймык экенин айткан ректор, профессор Жейлан сөзүн мындайча улантты: “Бүгүн биз бир жагынан улуттук жана руханий баалуулуктарын коргоп, экинчи жагынан технологияны эң мыкты колдонгон түрк жаштарынын багыты айкын экенин көрүп жатабыз. Бир колу батышта, бир колу чыгышта, багыты болсо кыбыла. Түрк элдеринин ушундай жаштарга ээ болушу чоң сыймык”, — деди.

“Манастык болуу — бул өзгөчөлүк”

Ректор, профессор Жейлан өз сөзүндө “Манас” үй-бүлөсүнүн мүчөсү болгонуна кубанычта экенин билдирип, “Манастык болуу — бул өзгөчөлүк. “Манас” — бул бир үй-бүлө. Бул үй-бүлөнүн мүчөсү болуу мен үчүн сыймык. Сиздер менен чогуу болуу мен үчүн чоң сыймык. Мындан өткөн улуу эч нерсе жок”, — деди жана майрамдык иш-чараны уюштурууга салым кошкондордун бардыгына ыраазычылыгын билдирди.

“Манас” университетинин маданий байланыштарды чыңдап, достукту бекемдеген бул мазмундуу салтанаттуу аземи Нооруздун шаңын жүрөктөрдө гүлдөттү.

Нооруз майрамына арналган иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

(Өз кабарчы)

Бөлүшүү

Комментарийлер