«ЫНТЫМАК КЕРБЕНИ» ЭМГЕККЕ ҮЙРӨТТҮ

  • 23.11.2022
  • 0

Жети-Өгүз районунун Данаке Иманов атындагы жалпы билим берүү мектебинде 5-11- класстар арасында «Ынтымак кербени» аттуу иш-чара болуп өттү.

"ЫНТЫМАК КЕРБЕНИ" ЭМГЕККЕ ҮЙРӨТТҮ

Бул күнү окуучулар ундан жасалчу азыктарды  өздөрүнүн эмгеги менен жасап келип сатууга коюшту. Түшкөн каражатты класстын майда-барат керектөөлөрүнө жана 10%ы мектептин президентинин уюштуруу иштерине жумшалары айтылды. Окуучулардын маанайы ачык болду. «Ар бир класс алды 900-1050 сомдон пайда табышты. «Жок!» деп отурбай, өзүбүз деле акча тапсак болот экен» дешет 6-7-класстардын окуучулары.

Шайыргүл АШЫРОВА, Жети-Өгүз району

Бөлүшүү

Комментарийлер