ЫМУНУН ЖАМААТЫ ТҮРКИЯГА КОЛ СУНАТ

  • 15.02.2023
  • 0

ЫМУНУН ЖАМААТЫ ТҮРКИЯГА КОЛ СУНАТ

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жалпы жамааты Түркиянын түштүк-чыгышында болгон зилзаланын кесепетинен жабыркаган боордош түрк элине материалдык жардам катары бир күндүк эмгек акысын которуу чечимин кабыл алды.

Каражаттар жабыркагандарга жардам берүү үчүн акча каражаттарын топтоо боюнча Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү депозиттик эсебине которулат.

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети 10го жакын Түркиянын жогорку окуу жайлары жана TİKA Түрк кызматташтык агенттиги, TTӦMER түрк тилин окутуу борбору, Түркиянын Кыргызстандагы консулдугунун билим берүү бөлүмү, Анкарадагы Дүйнө Сөз Академиясы, Невшехирдеги Хажи Бекташ Вели маданий борбору менен тыгыз байланышта иштейт.

Бөлүшүү

Комментарийлер