ЫМУнун ОКУТУУЧУЛАРЫ МЕНЕН ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН МУГАЛИМДЕРИ ЖОЛУГУШТУ
- 20.01.2021
- 0
20-январда К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети Ысык-Көл облустук билим берүү институту менен биргеликте “К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун облустук жалпы билим берүү мекемелери менен кызматташтыкты өнүктүрүү перспективалары” аттуу тегерек стол өткөрдү.
Тегерек стол КР Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Кендирбаева Догдургүл, Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директору Курманалиев Максат жана Ысык-Көл облусундагы 100 мектептин директору, окуу бөлүмүнүн башчыларынын катышуусунда өттү.
Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө ЫМУнун факультеттерин жана колледжин тааныткан билим берүү жарманкеси өттү. Жарманкеде мектептин директорлору университеттин факультеттеринин жана колледжинин окутуу программалары, багыттары, окутуучулары, студенттери, бүтүрүүчүлөрү жана эл аралык академиялык мобилдүүлүк программалары тууралуу кенен маалымат алып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.
Иш-чаранын экинчи бөлүгү окуу жайдын жыйын залында уланды. Тегерек столду ЫМУнун ректору Иманбаев Аскар ачып, иш-чараны уюштуруу максаты, азыркы убактагы университет менен мектептердин кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жана окуу жайдын алдыга койгон максаттары тууралуу сөз кылды.
“К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети менен облустун мектептери тыгыз байланышта деп эсептейм. Анткени университетке көбүнчө биздин облустун мектеп бүтүрүүчүлөрү келет. Ошол эле учурда, окуу жай педагогика жаатындагы адистерди даярдап, мектептерди мугалим менен камсыз кылышат”, — деп белгиледи.
Университеттин окуу иштери боюнча проректору Токтакунов Жолдошбек ЫМУ тууралуу кенен презентация кылып, окуу жайдын потенциалы жөнүндө айтып берди. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Арбаев Калыс абитуриенттерди кабыл алуу системасынын жаңы алгоритми менен тааныштырып, өзүнүн жооптуу катчы катары иш тажрыйбасындагы абитуриенттер арасында болуп жаткан маселелерге токтолду.
Тегерек столдун үчүнчү бөлүгүн Догдургүл Шаршеевна ачып, университеттин көтөрүп жаткан демилгесин жактырып, мектеп директорлорун колдоого чакырды.
“Азыр жаштардын көбүнчөсү сыртка качып жатышат. Бирок регионду өнүктүрүү максатында айылда калып иш алып баруу керек… Биргеликте иштеп, кызматташуу зарыл”, — деди ал.
Максат Ишембиевич облустагы мектеп бүтүрүүчүлөрү жана мектептеги жетишпеген кадрлар тууралуу сөз кылды. Ал өткөрүлүп жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн айтып, регионду өнүктүрүү жана сапаттуу кадрларды чыгаруу максатында кызматташтыкты өстүрүү керек экендигин белгиледи. Андан соң суроо-жооп сессиясына орун берилип, мектеп директорлору суроолорун берип, өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүп, сунуштарын киргизишти.
Комментарийлер