ЫМУ НУН ППУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУ
- 12.10.2023
- 0
Пекин педагогикалык университетинин окутуучулар жана студенттер жамааты К.Тыныстанов атындагы ЫМУга тажрыйба алмашуу максатында келди.
Жолугушуунун алкагында, Пекин педагогикалык университетинин менен К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлду.
Кытайдан келген коноктор үчүн ЫМУда бир катар иш чаралар уюштурулду. Алгач конокторго студенттердин жана окутуучулардын колунан жаралган эмгектердин көргөзмөсү болду. Андан соң боз үйдү тигилип, аны жасалгалоо, жыгач менен иштөө, илип сайма жана башка технологиялар боюнча мастер класстар өткөрүлдү. Кыргыздын улуттук кийимдеринин заманбап интерпретациясы этно-мода шоусунда көрсөтүлдү.
Коноктор Ырдык айылында болуп, мектептин окуучулары, айылдын музейи жана улуттук дунган ашканасы менен таанышты. Жети -Өгуз айылында тоо койнунда улуттук оюндарга күбө болду.
Пекин педагогикалык университетинин Келечектеги дизайн факультетинин окутуучусу ЫМУнун студенттери үчүн мастер класс өттү. Студенттерге сүрөттөрдүн окшоштуктарын табуу, философиялык маанисин аныктоо боюнча тапшырмалар берилди. Талкуудан кийин студенттер таттуу, кычкыл, ачуу даамдарды таткандан кийин кандай сезимдер болгонун кагаз бетине түшүрдү. Баардык сүрөттөр тартылгандан соң, студенттер кандай сезим болгонун аныктоого аракет жасашты.
Комментарийлер