ЫМУ МЕНЕН ЖАМУ КОНОК ЛЕКЦИЯЛАРДЫ УЮШТУРУУДА

  • 19.03.2021
  • 0

18-мартта Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттерине Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору, п.и.д. Сакиева Сайипжамал “Башталгыч класста эне тилин окутуунун актуалдуу проблемалары” деген темада конок лекция окуду.

Башталгыч билим берүүнүн методикасы жана педагогика адистигинин студенттери менен бирге колледждин педагогика адистигинин студенттери  лекцияны бир дем менен угушту.  Студенттер  кызыккан суроолорун беришип, кеӊири маалыматка ээ болушту. Айрым студенттер академиялык мобилдүүлүк боюнча ЖАМУга барып, бир семестр ичинде жакындан таанышып, билим алууну көздөгөндүгүн билдиришти. Ошол эле учурда ЖАМУнун студенттерин ЫМУга чакырууга жетишишти.

Башталгыч билим берүү кафедрасынын башчысы, доцент Байтикова Тилек жана колледждин директору, доцент Абыласынова Гүлайим лекторго тереӊ ыраазычылыгын  билдиришти.  Ал эми студенттер лекторго жана конок лекцияны уюштурган улук окутуучу Омурзакова Караматка ракматын айтышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер