ЫКЧАМ СУРОО-ЖООП: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУ

  • 03.06.2026
  • 0

 Бүгүн, 3-июнда  Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын бир күндүк иши тууралуу медиа тур башталды. Алгачкы сааттарда (8:00–9:00) министр «Биринчи радионун» түз эфирине катышып, өткөн окуу жылынын жыйынтыктары жана 12 жылдык билим берүү реформасынын алгачкы кадамдары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле эфирдин жүрүшүндө угармандар тарабынан берилген актуалдуу суроолорго жооп кайтарды. Мындан сырткары угармандар дагы сунуштарын айтышты. 

ЫКЧАМ СУРОО-ЖООП: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУ

Суроо: Мектептеги 6 күндүк окутуу боюнча токтом долбоору коомдук талкууга чыкты, биз ага катышып жатабыз. 90% эл алты күндүккө каршы чыгып жатат. Эмне үчүн алты күн? Эмне жетишпей жатат?

Догдуркүл Кендирбаева: Жылдызбек агай, советтик кезде өзүңүз айткандай, ошол кезде тамекиге, картошкага, сакманга чыкчу элек. Азыр андай жок. Алты күндүккө өтүү педагогикалык кеңештин чечими менен окуу жылы ичинде ишемби күндөрүнө туш келген кошумча 8 окуу күнү уюштурулат. Бул күндөрдүн графигин ар бир мектеп өз өзгөчөлүгүнө жараша түзөт. График ата-энелер жана жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү менен макулдашылат. Кабатырланууга негиз жок, алар үчүн кадимкидей эле 5 күндүк окуу жумалыгы сакталат. 15-сентябрга карата окуу жылын жылыштырдык. Буга эмне себеп болду? Күзүндө өлкөдө бир катар ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чаралар өтөт. Алардын катарында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити жана Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы бар. Бул окуялар логистикага жана коопсуздук чараларына таасирин тийгизгендиктен, окуунун башталышын жылдыруу туура көрүлдү.  Мурда интенсивдүү мектеп салынган эмес, ал жылдары 1000 жакын мектеп авариялык абалда эле, азыр анын ичинен 128 мектеп калды. Президенттин акыркы сөзүндө айтылды, 2028-жылга чейин бир дагы авариялык мектеп калбайт. Президенттин чечими менен быйыл Бишкекте 20, кийинки жылы 16 мектеп салынат. Ошто 17 мектеп, Манас шаарында дагы бир нече мектеп салынып жатат.

Суроо: Мугалимдерди ремонт иштерине аралаштырбоо боюнча кандай чаралар көрүлүүдө?

Жооп: Учурда райондук билим берүү бөлүм башчылары жергиликтүү башкаруу органдары жана Социалдык коргоо бөлүмдөрү менен иш алып барышууда. Ремонт иштерине жумушчулар жалдап иштетилет. Бул багытта жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жигердүү жүрүп жатат.

Суроо: Жаңы окуу жылы эмне үчүн 15-сентябрда башталат?

Жооп: Окуу жылын 2027-жылдын 25-майында аяктоо пландалууда. Ошол эле учурда окуу программаларынын толук өздөштүрүлүшүн жана билим берүү процессинин сапатын сактоону камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлөт. Окуу жылынын башталыш мөөнөтүн өзгөртүү боюнча сунуш өлкөдө өткөрүлө турган бир катар ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларга, анын ичинде Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чараларга байланыштуу киргизилди.
Суроо: Алты күндүк окуу жөнүндө расмий маалымат керек?

Жооп: Билим берүү программаларынын толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу максатында 6–11-класстардын окуучулары үчүн окуу жылынын жүрүшүндө ишемби күндөрү кошумча сегиз окуу күнүн өткөрүү каралууда. Кошумча окуу күндөрүнүн графиги жалпы билим берүү уюмдары тарабынан билим берүү процессин уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өз алдынча түзүлүп, окуучулардын ата-энелери жана тиешелүү аймактык билим берүү башкаруу органдары менен макулдашылат. Ал эми 1–5-класстардын окуучулары үчүн 5 күндүк окуу жумалыгы боюнча учурдагы окуу режими сакталат.
Сунушталып жаткан чаралар билим берүүнүн сапатын камсыз кылууга жана мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын толук көлөмдө аткарууга багытталууда.

Суроо: Окуу китептеринин сапаты эле эмес, салмагы оор. Аны чечүүнүн кандай жолдору бар?

Жооп: Окуу китептеринин электрондук вариантын пайдалануу киргизилип жатат. Аны колдонуу боюнча ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.

Жамийла Тилешова: Бала бакча ремонтко, жайкы эс алууда канча күнгө жабылышы керек?

Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова: Бала бакчалар жайкы эс алууга жабылбайт. Ремонт иштери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ата-энелердин чечими каржылоо түшкөнгө жараша жүргүзүлөт.

Анастасия Бенгард: Если ребенку на момент сентября 2026 года еще не исполнится 6 лет, можно ли его сейчас регистрировать в первый класс? А если ребенку шесть лет, но он не готов к школе, можно ли его оставить в детском саду? В государственных ДОО предусмотрен такой вариант?

Нурзида Касымова: Дети, родившиеся до 31 декабря 2020 года, выпускаются из дошкольных образовательных организаций и зачисляются в 1-й класс школы. При этом дети с ограниченными возможностями здоровья и при наличии медицинской справки могут быть оставлены в детском саду.

Гульнур Азылова: Министрдин кабыл алуусуна кантип кирсек болот?

Агартуу министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурия Кудайбергенова — Министр жарандарды ар бейшембиде кабыл алат. Коомдук кабылдамага телефон аркылуу алдын-ала жазылып, келсеңиз болот.

Угарман Баатырбек Чаргыновдун сунушу

Акыркы жылдары дүйнө жүзүндө гана эмес, өлкөбүздө да санариптештирүү жана маалыматтык технологиялар багыты мамлекеттик деңгээлдеги артыкчылыктуу багыт катары каралууда. Бирок, учурдагы мектептердеги информатика предметинин окуу планы, сааттардын бөлүнүшү жана окуу китептеринин абалы заман талабынан кыйла артта калып, окуучулардын потенциалын чектөөдө.

Жаңы 2026-2027-окуу жылынын окуу планын түзүүдө төмөнкү үч негизги көйгөйдү чечүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деп эсептейм:

  1. Сааттардын жетишсиздиги жана аларды көбөйтүү зарылчылыгы

Учурда 7-класстан башка бардык класстарда информатика предметине жумасына болгону 1 гана саат бөлүнөт. Бөлүнгөн 45 мүнөттүн ичинде мугалим теориялык материалды түшүндүрүп, ошол эле учурда окуучуларга компьютерде практикалык иштерди жасатканга жетишпейт.

— Көйгөй: Информатика — бул таза практикалык предмет. Практикасыз теория эч кандай жыйынтык бербейт. Азыркы замандын окуучусу жөн гана «ворд же эксел» менен чектелбестен, программалоо, киберкоопсуздук жана жасалма интеллекттин негиздерин үйрөнүшү керек. Жылына 34 саат менен бул максатка жетүү мүмкүн эмес.

— Сунуш: 5-класстан баштап 11-класска чейин информатика саатын жумасына кеминде 2 саатка чейин көбөйтүү. Же болбосо, практикалык иштерди натыйжалуу жүргүзүү үчүн класстарды эки топко бөлүп окутууну милдеттүү кылуу.

2. Окуу китептеринин базасын жаңылоо жана дифференциациялоо (бөлүү)

Учурда 7-9-класстар үчүн бир гана окуу китеби колдонулуп келет. Бул окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жана билим деңгээлинин өсүшүнө туура келбейт.

— Көйгөй: 7-класстын окуучусу менен 9-класстын окуучусунун кабыл алуусу, логикалык ой жүгүртүүсү таптакыр эки башка. Бир китептин алкагында үч жыл бою билим берүү программанын кайталанышына же өтө үстүртөн өтүлүшүнө алып келүүдө. Натыйжада, окуучулардын предметке болгон кызыгуусу жоголот.

— Сунуш: Ар бир класс үчүн (7-, 8-, 9-класстар үчүн өз-өзүнчө) заманбап, Эл аралык стандарттарга (мисалы, STEM багытына) жооп берген, программалоо тилдерин (Python ж.б.) камтыган өзүнчө окуу китептерин жана жумушчу дептерлерин иштеп чыгуу.

3. Мектеп программасы менен Олимпиадалык тапшырмалардын ортосундагы ажырым

Учурда мектеп олимпиадаларында (райондук, облустук, республикалык) берилген эсептер менен мисалдар жогорку окуу жайларынын (ЖОЖ) деңгээлиндеги татаал алгоритмдерди жана тереңдетилген математикалык билимди талап кылат.

— Көйгөй: Жөнөкөй мектеп программасында (жумасына 1 саат менен) олимпиадалык деңгээлдеги алгоритмдерди (мисалы, динамикалык программалоо, графтар теориясы, татаал сорттоо алгоритмдери) өтүү таптакыр каралган эмес. Бул мугалимдерге да, окуучуларга да ашыкча психологиялык жана интеллектуалдык басым жасайт. Мектепте өтүлбөгөн нерсени олимпиадада талап кылуу туура эмес.

— Сунуш:

— Же олимпиадалык тапшырмалардын деңгээлин мектептин базалык программасына ылайыкташтыруу керек;

— Же мектептерде информатика багытындагы ийримдерге, кошумча факультативдик сааттарга атайын каржылоо бөлүнүп, олимпиадага даярдай турган «Тереңдетилген информатика жана алгоритмдештирүү» аттуу өзүнчө программа киргизилиши зарыл.

— Эгерде биз коомубузда чыныгы IT адистерин, инженерлерди жана санариптик сабаттуу муундарды тарбиялагыбыз келсе, информатика предметине болгон мамилени түп тамырынан бери өзгөртүшүбүз керек. 2026-2027-окуу жылынын окуу планында бул маселелер эске алынып, реформа жасалат деп ишенебиз.

Алтынай Мисирова: Биз квалификацияны жогорулатуу курсунан 2026-жылдын башынан бери эле окуп, 5-6 сертификат алууга жетиштик. Бирок “Алтын Казыкта Сиз 2026-жылы курстан өткөн жоксуз» деп чыгып жатат. Эмне үчүн?

Алмазбек Токтомаметов, Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору: Курстарды ийгиликтүү аяктаган педагогдордун сертификаттары системага автоматтык түрдө кабыл алынат. Эгерде сертификаттын жүктөлүшү же кабыл алынышы боюнча кандайдыр бир техникалык кыйынчылыктар жаралса, 0707 280 496 байланыш телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.  Ошондой эле, байланыш телефондору жана кошумча маалыматтар «Устат» порталында көрсөтүлгөн. Ар бир кайрылуу өз убагында каралып, суроолорго мүмкүн болушунча ыкчам жооп берилет.

Мурзабек Муса уулу: ustat edu.gov.kg ушул сайтта курста окуп, 130 сом төлөдүм эле. Күтүүдө деп турат, бир айдан ашты. Эмне үчүн мындай болот?

Алмазбек Токтомаметов: Мурзабек Муса уулуна байланыштуу: техникалык себептерден улам сертификаты системага өз убагында кабыл алынбай калган. Учурда маселе чечилип, сертификаты кабыл алынды жана жөнөтүлдү.

Суроо: Саламатсызбы, мен сиздердин онлайн курсуңуздарда окудум, бирок сертификат бериле турган жеринде төлөм жүргүз деген жери бар экен. Кайсы жерден төлөнөт?

Алмазбек Токтомаметов: 130 сомду институттун реквизитине Элдик банкттын тиркемеси аркылуу же банкка барып төлөм жүргүзүп,  квитанцияны тиркеп койсо эле кабыл алынат.

Анастасия Бенгард: Какую работу проводит Минпросвещения для профилактики фактов насилия к школах и лицеях?

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер