ЯПОНИЯЛЫКТАР КМКТАУДА КОНОКТО

  • 28.05.2021
  • 0

Кыргыз мамлекеттик  курулуш, транспорт жана архитектура университетинин транспорттук жана технологиялык машиналарды эксплуатациялоо кафедрасында Кыргыз-Япон адам өнүктүрүү борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда жарандык курулуш жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча инженер Шинья Танака университеттин ТТМЭ кафедрасынын материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Конок үчүн 2/405 аудиториясындагы УАЗ-452 автомобилинин жара кесилиши кызыгуу жаратты.

Профессор Ислам Суюнтбеков институттун, кафедранын илимий иштери жөнүндө кеңири маалымат берди. ТТМЭ кафедрасы НААР рейтинги боюнча акыркы үч жылда “ТРАНСПОРТ ТЕХНИКАСЫ жана ТЕХНОЛОГИЯЛАР” багытында  биринчи орунду ээлеп келе жаткандыгын айтып, башка көптөгөн ийгиликтери менен кенен тааныштырды. Кафедрадагы илимий иштердин көпчүлүгү тоолуу шарттарда  транспорттук жана технологиялык машиналардын натыйжалуу иштөөсүн жогорлатууга арналганына да токтолду. Маектешүү учурунда Шинья Танака Япониядагы  Фудзияма тоосу жөнүндө кеп козгоду. Ага улай, профессор Ислам Суюнтбеков кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Фудзиямадагы кадыр түн” аттуу чыгармасы жөнүндө кызыктуу окуяларды кыскача айтып өттү.

Маектешүүдөн кийин Шинья Танака кыргыз, япон элинин окшоштуктарын  белгилеп, келечекте бул кафедра менен тыгыз кызматташып, кафедра мүчөлөрүн Япон технологиялары менен кенен тааныштыруу максатын көздөөрүн айтты. 28-майда Япониядагы айрым машина куруучу ишканалардын өкүлдөрү менен ТТМЭ кафедрасынын окутуучулары жана студенттери ортосундагы видео-конференцияны уюштуруп  берүүгө убадасын берди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер