ЯПОН ЭЛЧИЛИГИ “СЕЙТЕК” БОРБОРУНА КОЛДОО КӨРСӨТТҮ

  • 17.03.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде Кыргызстандагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда менен Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпакова 66 миң АКШ долларына акыркы үлгүдөгү жарык берүүчү жана аудио жабдууларды сатып алуу үчүн гранттык келишимге кол коюшту.  

ЯПОН ЭЛЧИЛИГИ “СЕЙТЕК” БОРБОРУНА КОЛДОО КӨРСӨТТҮ

Элчи мырза Сигэки Маэда өз сөзүндө Билим берүү жана илим министрлигине  Япон элчилиги  “Чөптүн тамыры” маданий гранттык программасынын алкагында гранттык келишимге кол коюу аземине катышып, жүз көрүшүп жатканына жана иш-чараны өткөрүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

ЯПОН ЭЛЧИЛИГИ “СЕЙТЕК” БОРБОРУНА КОЛДОО КӨРСӨТТҮ

— Эки жылдан ашык убакыттан бери биз КОВИД-19 илдетинин жайылышына каршы күрөшүп жатабыз. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору дагы бир нече убакытка инфекцияны көзөмөлдөө үчүн жабылууга аргасыз болуп, ошол убак баарыңыздар үчүн кыйын учур болду деп ойлойм. Японияда “Омикрон штаммынын” инфекциясы дагы деле токтобой, эл ыңгайсыз жашоого мажбур болууда. Кыргызстанда маданиятты жана билим берүүнү өнүктүрүүгө жана Япония менен Кыргызстандын ортосундагы маданий кызматташууга көмөктөшүү максатында япон элчилиги “Чөптүн тамыры” маданий гранттык жардам программасы аркылуу маданий-билим берүү мекемелеринин абалын жакшыртуу жана жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн 640000 АКШ долларын түзгөн жалпысынан сегиз долбоорду ишке ашырды, — деди элчи мырза.

ЯПОН ЭЛЧИЛИГИ “СЕЙТЕК” БОРБОРУНА КОЛДОО КӨРСӨТТҮ

Жогоруда аталган программанын алкагында “Сейтек”  борборуна 66 миң АКШ долларына акыркы үлгүдөгү жарык берүүчү жана аудио жабдуулары берилерин  айтты. Бериле турган жабдуулар борбордун материалдык базасын чыңдоого, билим берүү жана маданият деңгээлин жогорулатууга жана жаш жеткинчектерди татыктуу тарбиялоого салым кошоорун баса белгиледи.

— Япон элчилиги менен “Сейтек” борбору көп жылдардан бери кызматташып келе жатат. Бул борбордо япон маданиятын таанытуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүп турат.  Мындан ары дагы биздин элчилик “Сейтек” борбору жана башка билим берүү жана маданият мекемелери менен тыгыз кызматташып, япон маданиятын жайылтуу менен биргеликте кыргыз өлкөсүндө билим берүүнү жана маданиятты өнүктүрүүгө салым кошууну уланта бермекчи, — деди Сигэки Маэда.

Андан соң билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Билим берүү жана илим министрлиги менен Япон билим берүү министрлигинин ортосунда 2013-жылы Меморандумга кол коюлганы тууралуу айтты.

— Меморандумдун алкагында ийгиликтүү кызматташуу жүрүп жатат. Өлкөбүздөгү бардык региондогу мектептер компьютер, принтер, жабдыктар, эмеректер менен камсыз болуп, оңдоп-түзөө боюнча да жардам берилген.  Япон өкмөтү тарабынан жалпы  2 млн 788 миң 957 АКШ доллары ар кандай даректүү, конкреттүү жардам көрсөтүлдү. Пандемия учурунда да чоң колдооңуздарга ээ болдук. Өзгөчө онлайн форматта окуп калган учурда дүйнө жүзүндөгү  өлкөлөр бири-бирибизден үйрөнүп, тажрыйбаларды изилдедик. “Сейтек” борбору эң алдыңкы республикалык кошумча борборлорунун бири. Тажрыйбасы бай жамаат япон элчилиги  тарабынан колдоого ээ болгонуна кубанычтабыз, — деди министрдин орун басары.

“Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпакова көп жылдан бери акыркы үлгүдөгү жарык берүүчү жана аудио жабдууларды алуу үчүн өтүнмө берип келгенин, эми ошол тилектери аткарылып 66 миң АКШ долларына акыркы үлгүдөгү жарык берүүчү жана аудио жабдуулары берилерине кубануу менен элчи мырзага ыраазычылыгын билдирди.

— Бул гранттык келишимдин ишке ашышына Сиздин салымыңыз зор, урматтуу Сигэки Маэда мырза. Сиздин ишенимиңизди актаганга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз, — деди директор.

Жыйындын акырында гранттык келишимге кол коюлуп, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер