WORLDSKILLS ЖУМУШЧУ КЕСИПТЕРДИН УЛУТТУК ЧЕМПИОНАТЫ

  • 20.02.2024
  • 0

WORLDSKILLS ЖУМУШЧУ КЕСИПТЕРДИН УЛУТТУК ЧЕМПИОНАТЫ

Бүгүн, 20-февралда кесиптик лицейлердин жана колледждердин окуучулары арасында WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын ачылыш аземи өтүүдө.

Салтанатка Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү жана илим министри, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана ири компаниялардын өкүлдөрү катышууда.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кесиптик лицейлерди жана колледждерди реформалап, кыска убакыт аралыгында заманбап технологияларды мыкты өздөштүргөн адистерди таптап чыгарууга басым жасоо керектигин айтты.

“Дүйнөдө, анын ичинен Кыргызстанда кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө суроо-талап жогору. Акыркы учурларда өлкөбүздө жеңил өнөр жайы, курулуш, тейлөө, кызмат көрсөтүү өңдүү тармактарда жумушчуларга муктаждык чоң”, – деди төрага.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстан 2023-жылы WorldSkills International уюмуна 86-өлкө болуп киргенин белгилеп, бул жаш адистерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берерин айтты.

Чемпионаттын аймактык турунда жеңишке жеткен студенттер 20-февралдан 22-февралга чейин ширетүүчүлүк, ашпозчулук жана мода технологиясы боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Улуттук турдун жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктар менен сыйланат жана 2024-жылдын 10-15-сентябрында Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык чемпионатка катышат.

WorldSkills – бул эл аралык коммерциялык эмес ассоциация, анын максаты жумушчу кесиптерди жайылтуу, кесиптик даярдоонун жана квалификациянын статусун жана стандарттарын жогорулатуу.

WORLDSKILLS ЖУМУШЧУ КЕСИПТЕРДИН УЛУТТУК ЧЕМПИОНАТЫ

Кыргыз Республикасындагы WorldSkills мелдештеринин уюштуруучулары — Билим берүү жана илим министрлиги, “КАСЕФ” коомдук фонду, өнөктөштөр – Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү программасы: «Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоору жана “Айко-Сейко” ЖЧК.

Улуттук турдагы мода технологиясы жана ашпозчулук боюнча мелдештер И.Раззаков атындагы КМТУнун технологиялык институтунун базасында өткөрүлсө, ширетүүчүлүк иши боюнча мелдеш №4 кесиптик лицейинде өтөт.

WORLDSKILLS ЖУМУШЧУ КЕСИПТЕРДИН УЛУТТУК ЧЕМПИОНАТЫ

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер