«WORLDSKILLS» — ЖУМУШЧУ КЕСИПТЕРДИН КАДЫР-БАРКЫН ЖОГОРУЛАТАТ

  • 30.01.2025
  • 0

Бишкекте Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин, «WorldSkills» коомдук фондунун жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн, ошондой эле өнөктөштөрдүн, улуттук эксперттердин жана иш берүүчүлөрдүн катышуусунда «WorldSkills Kyrgyzstan» экинчи улуттук чемпионатынын ачылышы болду.

«WORLDSKILLS» - ЖУМУШЧУ КЕСИПТЕРДИН КАДЫР-БАРКЫН ЖОГОРУЛАТАТ

Анда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу “WorldSkills» чемпионаты маанисине токтолду. Айтымында, чемпионат өлкөлөрдүн ортосундагы атаандаштыкты көрсөтүп, туруктуулукту, мүмкүнчүлүктү аныктай турган, окуучуларга шык берген, ошону менен бирге тажрыйба алмашуучу аянтча. Ал жөнөкөй жумушчу кесиптерди популяризация кылат.

 

  • Ар бир кесип ардактуу, бирок арасынан эң ардактуусу – жумушчу кесиптер. Күнүмдүк турмушубузда биз менен сиз муктаж болгон жумушчу кесип ээлери абдан маанилүү. Мисалы, борбордо ошол эле  ширетүүчү, куруучу, ашпозчу табуу күндөн-күнгө оор болуп баратат. 98 кесиптик лицей, 150 дөн ашуун колледждерибиз бар. Ошентсе да жумушчу кесиптердин жетишсиздиги маселеси турат. Бул багытта министрлик үч жылдан бери “Канткенде жумушчу кесипке даярдоочу билим берүү мекемелеринин шарттарын жакшыртабыз? Аларга кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беребиз? деген суроодо иш-аракеттерди жасап келебиз. Негизги максатыбыз –мамлекеттин өнүгүшүнө өбөлгө түзө турган жумушчу кесиптерди даярдоо.  Бирок, санына эмес, сапатына көңүл бурушубуз зарыл. Кандай компетенциялардын ээси болгон бүтүүчүлөрдү чыгарабыз деген маселе ар бир окуу жайды ойлондурушу керек,  — деди Расул Абазбек уулу.

«WORLDSKILLS» - ЖУМУШЧУ КЕСИПТЕРДИН КАДЫР-БАРКЫН ЖОГОРУЛАТАТ

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстандагы жаштардын басымдуу бөлүгү экономист же юрист болууну кааларын, бирок окууну аяктагандан кийин Россияга жумуш издеп кетишерин белгилеп, бул мамлекеттин көйгөйү экендигин айтты.

  • Бүгүнкү күнү ширетүүчү же сантехниктер эмес, жаңы кесиптер көбөйдү. Графикалык дизайн, робототехника ж.б кесиптер боюнча да таймаштырыш керек. 98 кесиптик лицейде 26миң студент билим алат экен, бирок биз алардын санын дагы да көбөйтүшүбүз, колдошубуз керек. Чет элдик сурамжылоодо Кыргызстандагы 1-маселе жумушсуздук экендиги да айтылды. Мисалы, Ат-Башы, Лейлек, Алайда кесиптик лицейлер бар. Алар жергиликтүү калкка кызмат көрсөтүп, тапкан каражатын Финансы министрлигине өткөрүп берет. Бирок биз алардын акчасын өзүнө жумшаганга мүмкүнчүлүк түзүп, стимул беришибиз керек, — деп айтты.

«WORLDSKILLS» - ЖУМУШЧУ КЕСИПТЕРДИН КАДЫР-БАРКЫН ЖОГОРУЛАТАТ

WorldSkills чемпионаты кесиптик лицейлердин окутуудагы кемчиликтерин аныктоодо мүмкүнчүлүк берет. Маселен,  № 25 кесиптик лицейи биринчи улуттук чемпионаттан алган тажрыйбасынан улам ширетүү кабинкаларын талапка жараша оңдогон.  Окуу жайдын директору Малина Акиеванын айтымында, газ менен ширетүү кесиби боюнча билим алган бир окуучусу 1-чемпионатта облустук турдан 2-орунду ээлеген. Ал эми ширетүү боюнча ага-устаты эксперт катары катышып, окуу жайдын ширетүү кабинкалары талапка жоооп берберин аныктаган. Мындан улам быйыл жаңы заманбап үлгүдөгү ширетүү аппараттарын алып, 14 кабинаны жасап чыкты.

«WORLDSKILLS» - ЖУМУШЧУ КЕСИПТЕРДИН КАДЫР-БАРКЫН ЖОГОРУЛАТАТ

— «WorldSkills» сыяктуу дүйнөлүк чемпионаттар кесиптик лицейлер үчүн абдан керек. Биз Ысык-Ата районундагы «Лидерлер мектеби» мекемеси менен кызматташып, алар лицейди керектүү техника менен камсыздап беришти. Декабрь айында лицейибиздин окуучулары арасында сынак өткөрүп, республикалык чемпионатка катыша турган окуучуларыбызды аныктадык. Былтыр ширетүү багытында үч эле бала мыктылыгын көрсөтсө, быйыл жетиге жетти. Ал эми ашпозчулук боюнча төрт окуучу болду. Учурда окуучуларды сабактан кийин алып калып, практика учурунда өзүнчө жумушчу зона бөлүп берип, устаттарыбыз менен биргеликте даярдап жатабыз. Эми алардын арасында да тандоо жүргүзүп, республикалык турга катышуучусу бирден окуучуну тандайбыз, — дейт директор.

Ошондой эле Малина Акиева биринчи улуттук «WorldSkills» чемпионатында 2-орунду ээлеген окуучуга акчалай сыйлык, грамота ыйгарып, профсоюздун эсебинен эс алууга жолдомо бергенин, бул окуучулар үчүн чоң стимул болуп, быйыл катышуучулардын саны артканын билдирди.

 

Айгерим Токтобай кызы

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер