«WORLDSKILLS: ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР АНЫКТАЛДЫ
- 17.04.2026
- 0
Бүгүн, 17-апрелде, «WorldSkills Kyrgyzstan–2026» үчүнчү улуттук чемпионатынын жабылышы аземи болуп өттү. Чемпионаттын жыйынтыгында, Бишкектеги №18 лицейдин эки окуучусу жана Ысык-Көлдөгү №22 лицейдин бир окуучусу биринчиликти камсыз кылышты.

Агартуу министринин биринчи орун басары Муктарбек Баймурзаев чемпионат жаштардын кесиптик чеберчилигин, талантын жана өнүгүүгө болгон умтулуусун даңазалаган маанилүү аянтча болуп калганын белгилеп, финалга жеткен ар бир катышуучу жеңүүчү экендигин кошумчалады.
- Кыргыз Республикасынын 2018–2040-жылдарга карата өнүгүү стратегиясында адамдык потенциалды өнүктүрүү негизги артыкчылык катары белгиленген. Өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздаган, заман талабына жооп берген квалификациялуу кадрларды даярдоо — бүгүнкү күндүн башкы милдети. WorldSkills Кыргызстан чемпионаты — бул жөн гана мелдеш эмес. Бул эмгекке болгон урматты арттырган, жумушчу кесиптердин аброюн көтөргөн жана жаштарга өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга жол ачкан кыймыл. Бул күндөрү биз катышуучулардын жогорку деңгээлдеги даярдыгына, алардын тырышчаактыгына жана кесипке болгон сүйүүсүнө күбө болдук. Ар бир катышуучу өзүнүн чеберчилигин гана эмес, максатка умтулуусун жана жоопкерчилигин да көрсөтө алды. Азыркы заманда эмгек рыногу тездик менен өзгөрүүдө. Ошондуктан көндүмдөргө жана билимге инвестиция салуу — өлкөнүн келечегине салынган инвестиция. Биздин негизги максат — ар бир жаш жарандын өз потенциалын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү. – деди өз сөзүндө.
Илим, жогорку билим жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова мындай иш-чаралар өлкөдө кесиптик билим берүүнүн аброюн жогорулатууга, жумушчу кесиптерге болгон көз карашты өзгөртүүгө жана жаштарды туура кесип тандоого багыттоого чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи. Министрдин айтымында, Кыргыз Республикасы WorldSkills International эл аралык кыймылына кошулуу менен дүйнөлүк деңгээлдеги өлкөлөрдүн катарына кирип, кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болду. Жаштардын эл аралык стандарттарга ылайык билим алып, көндүмдөрүн өнүктүрүүгө кеңири жол ачылууда.
- Чемпионат жөн гана мелдеш эмес, бул Кыргызстанда кесиптик билим берүүнүн жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнүн, заманбап талаптарга жооп берген кадрларды даярдоонун жана эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келүүнүн айкын көрсөткүчү. Билимге жана инновацияга таянган туруктуу экономиканы калыптандыруу — биздин стратегиялык негизги максатыбыз. Ошондой эле илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын реалдуу секторго киргизүү аркылуу илим менен өндүрүштүн тыгыз байланышын чыңдоого басым жасайбыз. Мындан тышкары, инновациялык экосистеманы өнүктүрүү, жаңы идеяларды жана технологияларды колдоо аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүү чөйрөнү түзүү — негизги багыттарыбыздын бири болуп саналат. Айрыкча жаш адистерди, стартаптарды жана демилгелүү жаштарды колдоого өзгөчө көңүл буруп, алардын потенциалын ачууга шарт түзүүгө умтулабыз. Ошону менен бирге эл аралык кызматташууну кеңейтүү аркылуу алдыңкы тажрыйбаларды тартуу, билим берүү жана илим тармагын дүйнөлүк деңгээлге интеграциялоо — биздин ишибиздин маанилүү бөлүгү болуп эсептелет, — деп билдирди.
Чемпионаттын мыктылары
Чемпионат ширетүү, ашпозчулук, мода индустриясы компетенциялары боюнча болуп, жеңүүчүлөр 2026-жылдын 27-сентябрында Шанхай шаарында өтүүчү 48-эл аралык WorldSkills чемпионатына жолдомо алышты.
Ашпозчу компетенциясы боюнча 1-орунду ээлеген катышуучу — №18 лицейдин окуучусу Асанова Дария. Ал 2-курста билим алат. Бул конкурска аябай көп убакыт даярданганын айтат.
- Бул сынакка катуу даярдык көрдүм, аймактык турга эле эки ай даярдандым. Улуттук этапта күнүнө бирден эле тамак жасап жаттык. Мастерлерим дайыма жанымда болуп, эртеден кечке чейин лабораторияда убакытыбыз өттү. Мына минтип бүгүн эмгегибиздин жемишин көрүп жатабыз. Бардык мастерлериме, насаатчыларыма, мүдүрүбүзгө ыраазылык билдирем. Менин мастерим Эркингүл Аманатовнага, ошондой эле мүдүрүбүз Таалай Дүйшөнбековичге дагы чоң рахмат, бизди колдоп бизге ишенгени мага күч-кубат берди. Жакшы каалоо-тилектери менен жанымда болгон ата-энеме да терең ыраазылык. Азыр апам бул жакта отурат, менин ийгилигимди көрүп, көзүнө жаш алып калды, мен дагы өзүмдү араң кармап турам, — деди жеңүүчү.
Ушул эле окуу жайдын окуучусу Ханифа Сыргакова мода компетенциясы боюнча биринчи аталды. Ал бул конкурска быйыл экинчи ирет катышкан.
- Былтыр тандоо этабынан өтпөй калгам. Бул жылы региондук сынакта 1-орунду алып, тилегим орундалып алдыңкы болуп олтурам. Ачыгын айтканда,чемпионатка 4-5 ай убакыт даярдандым. Тапшырмаларында көп деле кыйынчылыктар болгон жок, баары жеңил эле өттү, — дейт ал.
Ал эми ширетүүчү компетенциясы боюнча жеңүүчү аталган Балыкчы шаарындагы №22 лицейинин окуучусу Турсунбек Асанбаев конкурска жеңиш үчүн эмес, тажрыйба арттыруу максатында катышканын айтат. Айтымында, бир жылдан бери практика жүзүндө үйрөнүп келе жаткан.
- Баары жакшы өттү, баарыбыз кыйын экенбиз. Облустук турга жети дубандан келген мыкты окуучулар катышты. Чемпионатка катышуумдагы башкы максат — кесибимди жакшы үйрөнүп кетүү. Мен бул сынакка катышуу үчүн аябай аракет кылдым. Сынакта 4 модуль болду, баарыбыз мыкты деңгээлде өзүбүздү көрсөтө алдык деп ойлойм. Эл аралык сынакка даярдык мындан дагы күчтүү болот. Кыргызстандын атынан чыгып жаткандан кийин дагы жогорку деңгээлде даярданганга аракет кылабыз. Чынын айтканда, биринчи лицейге тапшырарда мен автоэлектрик болоюн дегем, бирок, ал жакта орун жок болуп калып ширетүүчүгө тапшыргам, -дейт Турсунбек Асанбаев.
“Шанхай биздики” девизи орундалды
Ашпозчу жана мода индустриясы категориясы боюнча Бишкектеги №18лицейдин эки окуучусу алдыга озуп чыкса, Masterskills категориясында ашпозчулук боюнча бир мастери биринчи орунду ээледи. Окуу жайдын директору Таалай Орунтаевдун айтымында, окуу жылынын башында эле «Шанхай — биздики!» деген девиз менен даярдыкты баштап, команданын негизги максатыбыз — жеңиш болчу. Ага жетүү үчүн биринчи күндөн тартып эле даярдык көрө баштаганбыз.

- Бизде психолог да иштеп, окуучуларыбыздын эмоционалдык жана психологиялык абалына өзгөчө көңүл бурдук. Себеби бул чоң стресс менен коштолгон процесс. Мындан тышкары, жалпы жамаатыбыз менен биргеликте тажрыйбалуу ашпозчуларды жана чебер тигүүчүлөрдү чакырып, күн-түн дебей даярдандык. Бул жетишкендик — ошол тынымсыз эмгектин жыйынтыгы. Директор баш болуп, керек болсо лицейибиздин кароолчусуна чейин окуучуларыбыздын даярдыгына көмөк көрсөтүп жүрүштү. Бул кечээги эле 3 күндүк даярдык эмес, бул — 1 жылдык даярдык. Буга чейинки конкурстарда биз утулуп жүргөнбүз, бирок бул да биз үчүн даярдык, бул да биз үчүн чоң тажрыйба болду. Кемчиликтерибиздин баарын моюнубузга алып, анын үстүнөн иш алып барып, жалпы жамаат менен жеңишке жеттик. Албетте, дүйнөлүк чемпионатта үч жашар баладайбыз, чоң-чоң өлкөлөр менен атаандаш болушубуз керек. Алдыда кыла турган иш көп. Биз ишенебиз, эл аралык деңгээлде Кыргызстанды уят кылбайбыз, — деди окуу жайдын директору.
Алдыңкы үчтүктө кимдер?
“Ширетүүчү” компетенциясы боюнча алдыңкы орундарды багынткандар:
- 1-орун — Турсунбек Асанбаев – Ысык-Көл обл., №22 кесиптик лицей;
- 2-орун — Эсен Максутов – Ош обл., №62 кесиптик лицей;
- 3-орун — Ярослав Черненко – Бишкек ш., №27 кесиптик лицей;
“Ашпозчу” компетенциясы боюнча алдыңкы орундарды багынткандар:
- 1-орун — Дария Асанова – Бишкек ш., №18 кесиптик лицей;
- 2- орун — Нурайым Муратова – Ысык-Көл обл., №22 кесиптик лицей;
- 3-орун — Зарина Идизова – Чүй обл., №47 кесиптик лицей;
“Мода технологиясы” компетенциясы боюнча алдыңкы орундарды багынткандар:
- 1-орун — Ханифа Сыргакова – Бишкек ш., №18 кесиптик лицей;
- 2-орун Раяна Койчугулова – Талас обл., №110 кесиптик лицей;
- 3-орун Наима Мадьюн – Чүй обл., №56 кесиптик лицей;





















Комментарийлер