ВУНДЕРКИНДДЕР ӨЗГӨЧӨ ФЕНОМЕН

  • 03.08.2026
  • 0

 Адамзат тарыхында ар кайсы доордо мезгилден алда канча озгон, ошол учурда дүйнөлүк шедеврлерди жараткан инсандарды билебиз. Артюр Рембо, Ника Турбина, Барбара Фоллетт, ал гана эмес төрт жаштан тартып музыка дүйнөсүнө баш  урган атактуу Амадей Моцарт менен илимге балакаттан аралашкан атактуу физик Лев Ландауну  ким билбейт. Булардын генетикалык сыры, табияты адам кодунун сакралдык мүнөзүнөн кабар берет.

ВУНДЕРКИНДДЕР ӨЗГӨЧӨ ФЕНОМЕН

Оболу, кеп арымы алар тууралуу эмес. Бирок бу көрүнүштү айтпай кетүүгө болбойт. Бу кыздын аты — Ариана Кадырбек. Быйыл 9- классты бүттү. Ариана тууралуу эки ооз сөз айткым келди. Бу жашка келип Ариана дүйнөлүк классиканын бир кыйласын окуп салыптыр. Анын окуган китептери тек китептер эмес, дүйнөлүк адабияттын үлгүлөрү. Тизмеде олуттуу адабияттар бар. Кеп ал жөнүндө эмес…

ВУНДЕРКИНДДЕР ӨЗГӨЧӨ ФЕНОМЕН

Ариана жакында орус тилинде “Тайна кристалла времени” аттуу  китебин жарыкка чыгарды. Китептеги  повести да ушу аталышта. Бу жөн эле китеп эмес, оболу философиялык, интеллектуалдык, адабий феномен. Туура. Китепти ушундай мүнөздө айткым келди. Терең, ошол учурда эле өтө жеңил, көпөлөктүн канатындай окулат. Фантастикалык, магиялык өңүт бар. Кичинекей кыздын ой-жүгүртүүсү азыркы жашынан алда канча алдыга кеткен.

Бу балалык таасирлерби? Жок! Кыял мөмөсүбү?.. Жок! Бу ойчул салмагы, тереңдиги бар китеп. Арийне, бу китептин алдында окумалдарга “интрига” жаратып жатканым жок!

Айтты айтпады дебегиле!..

Султан РАЕВ, Эл жазуучусу

Бөлүшүү

Комментарийлер