ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА ТҮШТҮКТӨГҮ МЕЛДЕШ

  • 26.03.2018
  • 0

Республиканын Түштүк аймагындагы мектеп окуучуларынын кыздар арасындагы волейбол боюнча чемпионаты 23-24-мартта Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетте өттү.

ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА ТҮШТҮКТӨГҮ МЕЛДЕШ

Ага Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы мектептердин 2000-2003-жылы туулган окуучулары катышып, биринчилик үчүн ат салышышты. Натыйжада I орунду Ош шаарынын кыздар курама командасы, II орунду Сузак районунун кыздар курама командасы, III орунду Баткен шаарынын кыздар курама командасы жеңип алып, баалуу белектер менен сыйланышты.

Чемпионатты аталган үч областтын спорттук комитеттери уюштуруп, бул демилгени Эл аралык университеттин жетекчилиги колдоп, аларды спорттук база жана жатакана менен камсыз кылып берди.

Бөлүшүү

Комментарийлер