ВОЕННО-АНТОНОВКА МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫ КОМПЬЮТЕР ЖАНА КИТЕПТЕР МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ

  • 10.10.2022
  • 0

Бүгүн, 10-октябрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Военно-Антоновка мектеп-гимназиясына барды.

Анда министр мугалимдер жана ата-энелер менен жолугушуп, алардын министрлик менен бирге иш алып баруу боюнча сунуш-пикирлерин укту.

Буга кошумча Уланбек Мамбетакунов мектеп-гимназияга 6 даана компьютер жана китептерди белекке берди.

“Бул мектеп менен мени көп нерсе байланыштырып турат. Үч жыл бою студенттер менен биргеликте балдарга ар түрдүү оюндарды, спорттук, маданий иш-чараларды уюштурганбыз. Мектепте жогорку квалификациялуу мугалимдер эмгектенерин билем. Балдарга билим берүүдө сиздердин эмгегиңиздер чоң. Баарыңыздарга чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалайм”, — деди билим берүү жана илим министри Мамбетакунов.

Военно-Антоновка мектеп-гимназиясында жалпы 890 окуучу билим алып, 56 мугалим эмгектенет.

Ошондой эле учурда мектепте Баткенден келген 17 окуучу билим алуусун улантууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер