«Военмех» Балтика мамлекеттик техникалык университетинин өкүлү КӨЭУ да конокто

  • 22.12.2023
  • 0

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Д.Ф.Устинов атындагы «Военмех» Балтика мамлекеттик техникалык университетинин эл аралык программалар боюнча жетекчиси, техника илимдеринин кандидаты, доцент Олег Киреевди кабыл алды.

"Военмех" Балтика мамлекеттик техникалык университетинин өкүлү КӨЭУ да конокто

Жолугушууда эки окуу жайдын кызматташуусу, студенттерди өз ара алмашуу, 1+1, 2+2 билим берүү программалары,  билим берүүнүн сапаты жана эки окуу жайдын ортосундагы маданий байланыштарды өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.  Буга чейин эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде 1+1, 2+2 билим берүү программасынын алкагында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин  магистранттары кош диплом алгандыгы айтылып,   аталган билим берүү программасын мындан нары дагы жандандыруу маселелери талкууланды.

КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Асанович  Д.Ф.Устинов атындагы «Военмех» Балтика мамлекеттик техникалык университетинин ректору, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ардактуу профессору Константин Иванов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки окуу жайдын биргелешип жүргүзүп жаткан иштери туралуу пикир алышып, ойлорун ортого салышты.

Эскерте кетсек Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Россия, Кыргызстан техникалык университеттеринин консорциумунун мүчөсү. Анын негизинде КӨЭАУнун техникалык багытта билим алган студенттери  1+1, 2+2 билим берүү программасынын алкагында кош диплом алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул иш аракеттер  окуу жайдын эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмү тарабынан көзөмөлдөнүп ишке ашырылып келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер